Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 08.07.2019 11:18

Дене тарбиячылардын маянасы жогорулайт, - Канат Аманкулов

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов иш сапары менен келип, бир катар спорттук объектилер менен таанышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 6-июлда Канат Аманкулов менен акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу, жеке ишкерлер жана «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучулары жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө К.Аманкулов спорттогу бир катар жетишкендиктер, учурда курулуп жаткан курулуш объектилери, алдыдагы ири мелдештер жана ошондой эле кемчиликтер тууралуу сөз кылды. Андан сырткары, 1-апрелден тарта спорт мектебиндеги машыктыруучулардын айлыгы 20 пайызга жогорулай турганын белгилеп өттү. Муну менен бирге «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине спорттук жабдыктарды тапшырды.

Мындан тышкары Футбол федерациясынын райондогу президенти Улан Шерипбек уулуна ыраазычылык кат, Теннис федерациясынын райондогу президенти Айбек Жаңылышовго ардак грамота, эркин күрөш боюнча балбан Бакытбек кызы Берметке ыраазычылык кат жана машыктыруучу Алмаз Кайыповго ардак грамота тапшырылды.

Андан соң машыктыруучулар К.Аманкуловго спорттук комплекс куруу зарылдыгын, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жайгашкан А.Карасартов атындагы сейил бакка суу чыгаруу үчүн суу сордургуч жана суу түтүкчүлөрүн алууга 200 миң сом каражат керектигин, Баетов айылындагы спорт комплексин оңдоо, жылуулук системасын жаңыртуу зарылдыгын жана штаттык бирдик ачуу керектигин айтышты. Мындан сырткары, спорттук мелдештерге бөлүнүп турчу акча каражаты 2 жылдан бери берилбей, агенттиктен 205 миң сом аласасы бар экендигин билдиришти.

Өз кезегинде К.Аманкулов суу сордургуч жана суу түтүктөрүн алууга 200 миң сом жана спорттук мелдештер үчүн бериле элек 205 миң сом каражатты жакынкы күндөрү бөлүп берерин убада кылды. Ал эми спорт комплексин курууга убада бере албастыгын, бирок аракет кыларын билдирди. Оңдоп-түздөөгө муктаж болуп турган спорт комплекси боюнча долбоордук наркын эсептеп чыгып, тиешелүү жактарга кайрылуу жолдорун бегилеп өттү.

Андан соң К.Аманкулов «Тайлак баатыр» спорт клубунун залы жана футболдук аянтчасы менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×