Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 05.07.2019 17:21

Ат-Башы райондук китепканасынын жамааты жаңы жетекчинин дайындалышына нааразы

Turmush -  Ат-Башы райондук китепканасынын жетекчиси болуп Асылгүл Шапкеева дайындалды. Бирок китепкананын жамааты жаңы жетекчинин дайындалышына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканасынын эмгек жамааты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Ат-Башы районунун акимине кайрылуу жолдошкон. Анда алар китепкананын ишин билген, жамаатты жакшы түшүнгөн адамды аталган кызматка дайындоону талап кылышкан.

40 жылдан бери Ат-Башы райондук китепкананын окуу залында китепканачы болуп иштеген Турганбүбү Мамбеткулова жамааттын ичинде татыктуу талапкерлер бар дейт.

«Биринчи директорубуз көп жыл иштеди эле. Былтыркы жылдан бери эки директор алмашты. Ошондуктан өзүбүздүн жамааттын ичинен эле бирөөнү директор кылып дайындоого макулмун. Себеби, сырттан келген киши көп нерсени түшүнбөйт экен. Бизди дагы эзип, өзү дагы эзилет экен. Бизге бизди түшүнгөн директор керек», - деди ал.

Китепканачы Майрам Жумабекова: «Директорлукка өзүбүздүн ичибизден эле талапкер көрсөтөлү деп жатканбыз. Аким келип эле отургузуп койду. Аны деле тааныбайбыз», - деди.

Шааркүл Тагаева 45 жылдан бери китепканачы болуп иштеп келет.

«Биздин директорубуз башка жумушка кетип, райондук мамадминистрациясы мектептин китепканачысын жетекчи кылып отургузуп кетишти. Буга эмгек жамаатыбыз менен каршы болуп жатабыз. Анткени, китепкана боюнча жогорку билими жок экен. Биздин ишти билбейт. Мектептин китепканасынын иши такыр башкача. Акимге “иштей албайт го” десек, ал “иштеп көрсүн. Иштей албаса бошотуш оңой” деп койду. Мен болсо “бул китепкана эксперимент кылган жер бекен” дедим. Өзүбүздүн жамааттан талапкер көрсөтөлү дегенбиз. Бирок биздин оюбузду укпай жатышат», - деди ал.

Райондук китепкананын китеп топтоо жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы китепканачысы Курманжан Мускаева: «Кечки саат 17:00дө аким “кетпей тургула, жаңы жетекчини тааныштырабыз” деди. Биз саат 19:30га чейин күттүк, ошондо келди.

Жаңы жетекчини тааныштырды. Бирок биздин эмгек жамаат каршы болушту. “Эмне себептен биз көрсөткөн кадрды койбой, сырттан келген кишини коесуңар? Китепкананы билген киши иштеш керек” деген ар кандай ойлор айтылды. Кечки саат 20:00гө чейин китепканада кармалдык. Аким “силердин менчик жумуш эмес, иштей албаса кетет” деди», - деп билдирди китепканачы.

Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев жаңы дайындалган жетекчи тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Ат-Башы райондук китепкана 1930-жылы уюшулган. Учурда бул жерде 14 адам иштейт.

Жаңы дайындалган директор Асылгүл Шапкеева 1974-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2001-2005-жылдары Керимбаев атындагы орто мектебинде биология мугалими болуп иштеп, 2012-жылдан баштап ушул мезгилге чейин аталган мектептин китепканасында китепканачы болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×