Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуЖумгал району 04.07.2019 14:57 На русском

Миң-Куштагы тургун сын айтам деп электр жарыгынан куру жалак калган. Жетекчилер эмне дейт?

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Пионер көчөсүнүн тургуну Жамила Турарова (аты-жөнү өзүнүн суранычы менен өзгөртүлдү) WhatsApp'тагы тайпага электр жарыгы боюнча сын-пикир жазам деп айыл өкмөттөн тил угуп, электр жарыгынан ажырап калганын аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган тайпа айылдын эли үчүн түзүлүп, ар кандай билдирүүлөр жазылып турчу.

«Миң-Кушта төрөлүп, ушул жерде өскөм. Карапайым жашоочулардын үнүн эч ким укпайт экен. Уранга Миң-Куш эли ууланып, оорулуу болуп бүттүк. Жүрөк, өпкө, онкологиялык оору менен ооругандар өтө көп. Мунун баарын жаап-жашырып келишет. Мына, жакында эле борбордон дарыгерлер келип, күбө болуп кетишти. Айланабыздын баары карьер, көмүр казгандар. Чаң менен дем алып, күн кечирип келебиз. Жумушсуздук күч алган. Жогору жак элдин кабарын албайт, алса да тыянак жок. Шайлоодо эле жетип келишет. Анысы аз келгенсип электр жарыгын өчүрүшөт. Электр жарыгына миллиондоп карызы бар чиновниктердин электр жарыгын кыркып, балдары чыркырап ачка отурушабы? Ак, ачык сөздү бетке айтканым үчүн жемеге кабылып, карызың бар деген шылтоо менен электр жарыгымды кыркып кетишти», - деди ал.

Ж.Турарова: «Биз турган эки кабат турак жайда 3 үй-бүлө жашайбыз. Сын-пикир жазганым үчүн электр тирөөчкө чыгып, электр зымын кесип кетишти. Бир кошунам 1-кабатта жашайт. Ал ооруп, ооруканада. 2-кабаттагы кошунамдын кызы бутунан операция болуп, ал дагы ооруканада. Аны апасы карап жатат. Ал эми атасы кичинекей неберелери менен үйдө.

Башка эч кимдикин кырккан жок. Электр тармактар ишканасына телефон чалсам, «Миң-Куштагы карызы барлардын электр жарыгын кырктык» дешти. Мен баарын кыдырдым, биздикинен бөлөктөрүн кыркпаптыр. «Элдин баарында карыз бар, бөлүп-бөлүп төгөбүз. Каралашып койбойсуңарбы» десем угушкан жок. Жумгал электр тармактар ишканасынын башчысына чалсам, «сиздин карызыңыз бар экен» деди. Жайы-кышы дебей бирдей баа чыгып келет. Биз үйдө 1-2 ай болбосок деле ошол баа чыгып келет. Эсептегичти карашпайт. Ишкананын кызматкерлери «эсептегичиңерди алмаштыргыла, туура эмес айлантат экен» дешкен. Жарыкты өчүрүп кетишкен күнү кайра келип, эсептегичтеги сандарды жазып кетишиптир. Эсептегичи жок үйлөр көп. Алар каякка төлөп жатышат билбейм, балким башка чөнтөккө түшүп жатат.

WhatsApp'тагы тайпага бир эже сын-пикир жазган. Ага айыл өкмөттөн жана айылдын участкалык электриги телефон чалып, «эмнеге терс пикир жазасыз?» деп айтыптыр. Мен сын-пикирди катуу жазган эмесмин. Тайпада бүт эле электр жарыгы боюнча айтышкан. Айыл өкмөттүн карызын жабабыз деп эле өчүрүшүптүр. Алар дагы электр жарыгына карыз экен.

Ортодон сын айткандарды тайпадан чыгара башташты. Тайпанын администраторуна чалып түшүндүрүп айтсак, «айыл өкмөттө иштегендер чалышты. Ызы-чуу чыгарбагыла» деп кайра кошушту», - деп кошумчалады.

Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Амантур Борбушалиев аталган тургундун электр жарыгына карызы бар үчүн өчүрүлгөнүн, башка максаттар болбогонун айтты.

«Ал аялдын тили узун экен. Мага телефон чалып алып коркуткан. Мен «карыз болгондон кийин төлөш керек» дегем. Буга чейин 2-3 жолу өчүрүлгөн, бирок өзү уруксатсыз кайра күйгүзүп алган. Мыйзамсыз күйгүзүп алды деп акт түзмөкпүз, биз аны каалаган жокпуз. Бул жаран бир жылда 1000 сом эле төлөп, «биз тоодо, башка жакта болобуз» деп калганын төгүшпөйт экен. «Эмнеге?» десең, «мүмкүнчүлүгүбүз жок» дейт. Биз жеңилдик алгыла деп жатабыз», - деди А.Борбушалиев.

Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары Кенжебек Жолдошбек уулу: «У.Ш.нын (арыздануучунун жолдошу) карыздары бар. Карызынын айынан буга чейин төрт жолу өчүрүлгөн. Азыр электр энергиясына 7668 сом карызы бар. Мындан тышкары электр жарыгын мыйзамсыз кошкону үчүн айып пул салынган. Карыз ай сайын тууйт. Аны жана айып пулдун акчасын кошкондо дагы 1168 сом карыз.

Ал эми кошунасы М.С.нын электр энергияга карызы жок. Болгону электр энергияны алуу эрежелерин бузганы үчүн акт түзүлгөн. Ал жаран экинчи кабатта туруп, 1-кабатты кошуп алган. Ага 10114 сом карыз чыккан. Аны төлөгөн эмес, ошондуктан чогуу эле мамычадан өчүрүлгөн.

Кышында, октябрь айынан баштап 1-январга чейин 1000 кВт/саатка чейин 0,77 тыйын, андан ашса 2,16 сомдон эсептелет. Майдан октябрга чейин 700 кВт/саатка чейин 0,77 тыйын, андан ашса 2,16 сомдон төлөнөт», - деди.

Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын Миң-Куш аймактык участкасынын электриги Элдияр Токтогазиев электр жарыгы сын-пикир үчүн өчүрүлбөгүнүн айтты.

«Эч кандай сын-пикирге тиешеси жок. Айыл эли үчүн тайпа түзүлгөн. Ал жакта элдин көйгөйү, жаңылыктар, кулактандыруулар жазылат. Сын-пикир айткандын баарын өчүрүп, тайпадан чыгарып сала турган болсок, анда бүт эле чыгарып салмакпыз да. Баары жалган. Бул жаранга бир канча ирет карыз доолап баргам. Бирок «эч кимибиз иштебейбиз» деп жолдошу суранганынан өчүргөн эмеспиз. Көп эле жолу макул деп келгем. Карыздар ай сайын көбөйүп турат. Азыр карызын төлөсө эле электр жарыгы берилет.

Миң-Кушта акылдуу эсептегичи жок үйлөр бар деген маалыматтар жалган», - деди ал.

Ал эми Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Алманбетов сын-пикирлерди туура эле кабыл аларын, пикир жазганы үчүн чара колдонуу же коркутуу болбой турганын билдирди.

«Күлкүнү келтиришет. Бирок тайпада эреже бар. Ошол эреже менен тайпадан чыгарышкан окшойт. Мен да окугам, бирок урушпагыла деп жазгам. Эми электр энергияны «сын айтканым үчүн өчүрүштү» деген акылга сыйбаган иш. Айыл өкмөттөн эч ким коркутуп, үркүтүшкөн жок. Урушпай жүрүшпөйбү. Электр жарыгын акча төлөшпөсө өчүрөт да. Тургундардын эле эмес, айыл өкмөттүн имаратынын жарыгын өчүрүп кетишкен. Карызыбыз 180 миң сомдой болуп кетиптир», - деди К.Алманбетов.

Ал эми Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Искен Садыбакасов 2018-жылы райондук коллегияда электр тармактар ишканасынын жетекчисине сын-пикир айтканы үчүн электр жарыгысыз калганын айтты.

«Өткөн жылы райондук коллегияда электр тармагындагы тайкы иштерди, сын-пикир, арыз-даттанууларды айтып, протокол окуганым үчүн менин үйүмдүн электр жарыгын кыйып кетишиптир. Мен жетекчи А.Борбушалиевге телефон чалып, «бул эмне кылганыңар. Менин карызым жок» десем, жумуштан үйгө баргыча кайра күйгүзүп коюшуптур», - деди И.Садыбакасов.

Электр тармактар ишканасынын башчысы А.Борбушалиев бул пикирге кошулбай турганын, электр жарыгын өчүрүү анын буйругу болбогонун билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×