Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 04.07.2019 11:49 На русском

Ат-Башыда диний экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Turmush -  Ат-Башы районунда диний экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башыга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү, диний эксперт келип, жергиликтүү тургундарга жана мамлекеттик кызматкерлерге түшүндүрүү-окуу иштерин жүргүзүштү.

Келгендердин айтымында, Кыргызстандын аймагында экстремисттик жана террористтик 19 уюм аныкталган.

«Андай уюмдардын мүчөлөрү башкаларды тартканга аракет кылып жүрүшөт. Бирок абал туруктуу. Анткени, Ички иштер министрлиги жана башка органдар ушул маселенин үстүндө иштеп жатат», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×