Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 04.07.2019 10:21

Ат-Башыда «Эмгек-Өспүрүм» иш-чарасы өткөрүлдү

Turmush -  Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 1-июлдан 3-июлга чейин «Эмгек-Өспүрүм» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейд учурунда Ат-Башы айылынын ичиндеги унаа жуучу жайлар, тойканалар жана башка жерлер текшерилди. Мындан сырткары, жайкы эс алуу учурунда жаш өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүнүн алдын алуу үчүн балдарга жана алардын жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Санжарбек Сатаров: «Жашы жете элек өспүрүм оор жумушта иштеп жатса, анда ишкананын ээсине мыйзам чегинде тартип чарасы көрүлөт», - деди.

Иш-чаранын максаты — өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусун жана сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×