Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 03.07.2019 11:33

Элет көйгөйү: Кочкордо тирүү иттер байланып, таштандыга ыргытылып жатабы?

Turmush -  Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүндөгү таштанды төгүүчү жайдын айланасын тосуу керек. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жашоочулары милициянын көчмө кабылдамасы менен жолугушууда айтышты.

Кочкор райондук милициянын көчмө кабылдамасы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушуп, арыз-даттанууларды кабыл алып, айыл ичиндеги көйгөйлөрдү угушту. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылынын тургундары таза суу, мектеп жана бала бакчанын жанына жол белгилерин коюу, Кара-Тоо айылындагы таштанды төгүүчү жайдын айланасын тосуу, көзөмөлгө алуу маселелерин айтышкан.

«Мурун райондогу таштанды Кара-Тоо айылында таштанды төгүүчү жайга ташталчу. Азыр бул жакка төгүүгө болбойт. Бирок ага карабай эле сырттан келген тургундар кечкисин төгүп кетишет. Ушул жер көзөмөлгө алынса жакшы болмок. Экинчи көйгөй — мектеп, ал 1927-жылы курулган. Учурда балдар үчүн кооптуу», - дешет айыл тургундары.

Ал эми Семиз-Бел айылынын жашоочулары жол чырак керектигин айтышты.

«Биздин айыл чоң трассанын жээгинде болгондуктан жол чырак абдан керек. Себеп дегенде жол түз болгондуктан чоң жүк ташуучу унаалар да жогорку ылдамдыкта өтүшөт. Анын кесепетинен адамдардын өмүрү кыйылган учурлар болду. Балдарга сарсанаа болобуз. Күз айында мал көп болгондо малдарды деле сүзүп кетишет. Мындан сырткары биздин айылдан жогору жакка райондун таштандысы төгүлөт. Айрымдары тирүү иттердин бутун байлап, ушул жерге ташташат. Алар бошонуп, кооптуулукту жаратууда. Малдын өлүктөрүн таштап жатышат. Келемиштер пайда болуп жатат деп айтышууда. Келемиштер ооруларды алып жүрөрүн билебиз, эпидемия чыгып кетпесе экен деп чочулап жатабыз», - дейт айыл тургундары.

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү көйгөйлөрдү каттоо журналына жазып, тиешелүү тараптарга жөнөтөрүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×