Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 01.07.2019 14:44 Жаңыланды: 01.07.2019 17:38

Нарындык А.Шерматова жасаган калпактарды Чикагодогу кыргыздар алышат. Сүрөт

Turmush -  Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында туулган Аида Шерматова улуттук баш кийим болгон калпактардын өзгөчө түрүн жасайт. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайда билим алган. Андан соң Ж.Баласагын атынданы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Акыркы 2-3 жылдан бери калпак жасоо менен алектенет.

«Кол өнөрчүлүктү чоң апам Кушбү Султаналиевадан үйрөнгөм. Ал мыкты уз болгон. Ала кийиз, шырдак, ичик тон, карышкыр тон, тебетей сыяктуу буюмдардын баарын жасачу.

Акыркы убакта кыргыздар кытай материалынан жасалган калпактарды кийип жүргөнүн көрүп, зээним кейийт. Мындан улам калпакты натуралдык кийизден, оймолорун колго түшүрүп жасап баштадым. Калпактардын өзгөчөлүгү анын колго жасалганында. Улуттук баш кийим тигилиш өзгөчөлүктөрүнө жараша бааланат, мисалы оймосу жок калпактар 1300 сомдон 2000 сомго чейин. Бир калпакты жасоого кеминде 12-14 саат убакыт кетет. Эгер татаал оймо түшүрүлө турган болсо анда ага бир жарым күн убакыт кетет.

Мен жасаган калпактарды Кыргызстандан тышкары, чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиз дагы алышат. Мисалы АКШнын Чикаго шаарында жашаган кыргыздар буйрутма беришет, жакында эле 12 калпак жасап бердим. Мындан сырткары, Үрүмчү, Россиядагы мекендештерге жасап бергем», - дейт чебер Аида Шерматова.

Ал келечекте ар бир кыргыздын мырзасына табигый, нукура кийизден жасалган калпактарды жеткирүү жана аны дүйнө жүзүнө таанытууну максат кылат. 37 жаштагы А.Шерматова 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×