Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 29.06.2019 15:55 На русском

Кызыл-Омпол уран кенине жакын жайгашкан айылдарда суунун радиациялык абалы текшерилди. Сүрөт

Turmush -  Кочкордо районунда Мамэкотехинспекциянын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тарабынан ичүүчү суунун үлгүлөрү алынып, гамма-нурдануунун өлчөмүнүн кубаттуулугу текшерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөт тарабынан Кызыл-Омпол уран кенине жакын жайгашкан Тоң жана Кочкор райондорунун айылдарындагы жашоочуларды медициналык кароодон өткөрүү, гидрометеорологиялык абалды, үй жаныбарларынын абалын аныктоо иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Ага ылайык Мамэкотехниспекциянын радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгы тарабынан Кочкор, Кара-Тоо, Семиз-Бел, Жаңы-Жол, Арсы айылдарында радиациялык ченөөлөр жүргүзүлдү.

«Кочкор, Кара-Тоо, Семиз-Бел, Арсы, Жаңы-Жол айылдарынан ичүүчү суунун үлгүлөрү алынып, радиологиялык жана лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Бул аймактардагы айылдарда гамма-нурдануунун өлчөмүнүн кубаттуулугу саатына 11 – 0,14 микроренгенден ашкан жок. Бул нормалдуу көрүнүш», - деп билдиришти комиссиянын мүчөлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×