Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 28.06.2019 14:11 На русском

Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы- IX» эл аралык фестивалы өтүүдө. Фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы-IX» эл аралык фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эл аралык фестивалдын ачылыш аземинде облус башчысы Аманбай Кайыпов куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: «Байыртадан бери кыргыз эли атадан балага, энеден кыз-келинге өткөрүлүп келе жаткан кол өнөрчүлүк, устачылык өнөрлөрдү аздектеп, ушул күнгө чейин сактап келишкен. Акылман ата-бабаларыбыз устачылык өнөрдүн аркасы менен тиричилик кечире турган боз үйүнөн, жоо-жарактарынан, ат токулгаларынан баштап үй-тиричилик буюмдарына чейин чеберчилик менен жасап, колдонуп келишсе, кеменгер энелерибиз ой-кыялын, аруу тилектерин, эненин балага болгон сүйүүсүн, табияттын көрүнүштөрүн жана сулуулугун, аны менен болгон таттуу мамилени түркүн оюларында баяндап беришкен», - деди дубан башчысы Аманбай Кайыпов.

Мындай эл аралык фестиваль Нарын жергесинде 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл тогузунчу ирет өткөрүлүп жаткан бул фестивалга республикабыздын булуң-бурчунан көптөгөн уздар келишти. Мындан сырткары чет элдик туристтер да арбын келди.

Баарыбызга белгилүү болгондой, ала кийиз жана шырдак материалдык эмес маданий мурастардын жоголуп бараткан түрү катары 2012-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

«Кыргыз шырдагы-IX» эл аралык фестивалынын максаты— байыртадан келе жаткан табигый мурасты, материалдык эмес маданий баалуулукту сактоо, шырдак жасоону өнүктүрүү, кийинки муундарга үйрөтүп, өткөрүп берүү, эл арасында кеңири пайдалануу, кол өнөрчүлүктү колдоо, кыргыз өкмөтүнүн чечимдерин, ЮНЕСКОнун талаптарын ишке ашыруу болуп саналат.

Бул иш-чара Нарын шаарында эки күнгө уланып, жыйынтыгы 29-июнь күнү чыгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×