Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 25.06.2019 14:16 На русском

Айыл турмушу: Астманы жайлоодон кантип айыктырса болот? Б.Табылдиеванын жообу

Turmush -  55 жаштагы Бермет Табылдиева Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну. Ал жыл сайын үй-бүлөсү менен жайлоого чыгып, бээ байлашат. Бул жолу дагы 8 бээ, 4 уй менен тоого чыгышкан.

Бермет Табылдиева жаш кезинен бээ саайт, ооруганда бээнин сүтү дарыга алмаштыргыс экендигин жакшы билет.

«Илгери кайнатам жолдошум экөөбүз жаңы үйлөнгөн жылдары кулун салдырып саадырчу. Азыр кулун салбай эле саап калдык. Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 40 жылдай болуп калды. Менден кийин 3 келинибиз бар, аларга бээ сааганды мен үйрөткөм. Бээни сааш үчүн шамдагайлык керек.

3 жыл мурун ооруп, ооруканага жатып калдым. Бир таякем дарыгер. Ал «ооруканага жаткыча 10 күн бээнин сүтүн ичсең, ошол дары эмеспи» деди. Анын сунушу менен сүт ичип, ошондон жакшы болуп калдым. Мурда демигип, тез шайым кетип калчу. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Бээ саап жатканда жылуулуктун илеби, сүттүн жыты келет. Ал тамак оору, астмага миңдин бири.

Сүттү сабаага куйгандан кийин ачып чыгат. Аны сары саамал деп коет экен. Ошону ичсе дагы аябай пайдалуу. Көп эле дарычылыгы бар. Эки айдан бери бээ сап, сүт ичип жатабыз. Шаардан неберелер келип сүт ичип жатышат. Бээни бир сааганда 1,5 литр, 1 күндө 8 бээден 45 литр сүт чыгат.

30 жөжө алып келгем. Бул жерден тез эле чоңоюп кетишти. Айылга караганда жайлоо жагып жатат», - деди ал.

Бермет Табылдиева жайлоого келгендерге кымызды 80 сомдон, уйдун сүтүн 20 сомдон сатып жатат.

Нарын шаарынан келген 74 жаштагы Сайра Мамбетакунова 1 жумадан бери жайлоодо бээнин сүтүн ичип, өзүн жакшы сезип калгандыгын айтат.

«Эс алуум аябай жакшы болуп жатат. Жыл сайын тоого чыгып, бээнин сүтүн ичип, ден соолугум жакшы болуп калат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×