Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баракелде, Бишкек 25.06.2019 12:34

Акын А.Исмаилов: Студент кезде сынакта мага кычап эргүү келип калчу

Turmush -  34 жаштагы Алтынбек Исмаилов 9-классынан тарта ыр жазып келет. 2008-жылы анын «Таш күзгү» аттуу тунгуч ырлар жыйнагы чыккан. Аталган китептин экинчи басылышы 2009-жылы, үчүнчү басылышы 2010-жылы жарык көргөн.

«Жаңылбасам, 9-класста окуп жүргөндө алгачкы жолу тоолор жөнүндө ыр жазcам керек эле. Так эсимде жок. Бирок бала кезимде кошуналарга тийишип, тамашалуу ырларды чыгара берчүмүн. Мага жөндөм, шык атамдан келди окшойт. Себеби, атам бир нече музыкалык аспапта ойноп, музыкалык окуу жайда вокалдан сабак берген таланттуу инсан болгон. Ал кишинин көзү өткөнүнө көп болду. Апам дарыгер, 3 бир тууганмын. Бир карындаш, бир иним бар. Туугандарымдын баары дарыгерлик кесипти аркалашты. Чыгармачылык дүйнөгө жалгыз гана мен кеттим. Мени да кичинемде дарыгер бол дей беришчү. Бирок мен ашкере сезимтал болгондуктан кимдир бирөө кой союп жатса, канды карай албай качып кетчүмүн. Ошол кезде үйдөгүлөргө эки-үч жолу «мен чоңойгондо дарыгер болбойм. Силер сыяктуу тек гана денедеги жараны дарылоо менен чектелбестен, адамдардын жүрөгүндөгү, рухундагы жаратты айыктырган акын болом» деп айтканым эсимде.

1982-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында туулгам. Менин балалыгым айтылуу Салижан Жигитовдун киндик каны тамган Көлдүк айылында өттү. Орто мектепти бүтүргөн соң, Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түркология бөлүмүндө окудум. Учурда аталган окуу жайда кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Түрк дүйнөсүнүн жаш калемгерлер бирлигинин Кыргызстандагы координаторумун», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, азербайжан, түрк акындарынын ырларын которгон.

«Студент кезден бери эле котормочулук менен алектенем. Тактап айтканда, түрк жана азербайжан тилдериндеги бир топ чыгармаларды кыргызча сүйлөттүм. Мисалы, XIII кылымда Түркияда жашаган дербиш акындар Юнус Эмре менен Желаледдин Руминин ырларын которуп, өз-өзүнчө китеп кылып чыгаргам. Андан сырткары азербайжандын эки үлкөн акыны Бахтияр Вахабзаде менен Үлви Бүнядзаденин бирден поэмасын котордум.

Жакында Баку шаарында азербайжан тилинде «Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы» деген өзүнчө китеп чыкты. 204 беттен турган бул антологияга 20 жаштан 40 жашка чейинки жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган, эл журтка таанылган, кыйла такшалып калган таланттуу 35 акындын ар биринен төрттөн ыр кирди. Ошондой эле алардын кыскача өмүр баяны жана сүрөттөрү жайгаштырылды. Аларды азербайжан тилине 18 киши которду. Жыйнакты үч акын биргелешип түздүк. Кудай буюрса, июлдун аягында Бакуда, ал эми сентябрь айында Бишкек шаарында китептин бет ачарын эл аралык деңгээлде өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Анткени, тарыхта биринчи жолу кыргыздын жаш акындарынын антологиясы бөтөн тилде чыгып олтурат.

Эргүү деген мага бейтааныш конок сыяктуу күтүүсүз, ар кандай учурда келет. Азыр эсимде, студент кезимде тайпалаштарым сынак баракчасына жанталашып жооп жазып жатканда мага кычап эргүү келип калчу. Ошондо ырды жаадырып ийип, жогорку упай алган күндөрүм болгон. Кээде коомдук унааларда баратып эргүүнүн айынан үйдүн тушунан өтүп кеткен кездер болгон.

Мыкты акын болуп, сапаттуу ыр жаратуу үчүн көп тил үйрөнүп, көп окуп, котормочулук менен көбүрөөк алектениш керек. Алыкул Осмонов «Жолборс терисин жамынган баатырды» которгондон кийин көзү ачылган. Ошондой эле Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Салижан Жигитов, Турар Кожомбердиев, Омор Султанов өңдүү үлкөн акындарыбыз котормо мектебинен такшалып чыгышкан», - деди ал.

Төңкөрүш

Байка кыргыз, бир нерсе башталууда,
Баткак кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен
Корком, корком, жан дүйнөң ач калууда!

Өйкөп күндө өмүрдү сүргөн жаман,
Өз жаныңды камаган түрмөң жаман.
Суу кашектей быкшыган сезим менен
Сулуулукка сук артып жүргөн жаман!

Жаным сыздайт

Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай.
Билбейм неге жаным сыздайт мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган дарактай!

Жатам алсыз жапыз тамда кырыман,
Жалыны жок үмүттөргө жылынам.
Түркүн ойдун аскасынан ашалбай,
Төбөм менен жерди сүзүп жыгылам!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×