Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 24.06.2019 21:10

Ат-Башыдагы сатуучулар койдун жүнү арзандап кеткендигине нааразы болушууда

Turmush -  Нарын облусунда койдун жүнү арзандап кетти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылы койдун сапаттуу жүнүнүн килограммы 300 сомго чейин барса, быйыл кара жүн 3 сом, ак жүн 30 сомдон 50 сомго чейин болууда.

«Бүгүн базарга келип, койдун жүнүн өткөрүп жатабыз. Ак жүндү 30 сомдон, кара жүндү 3 сомдон алып жатышат. Жүн аябай арзан болуп, эл өткөрө албай жатышат. Былтыр 70 сомдон сатылчу, быйыл аябай эле арзан болуп калыптыр. «Башка жакта жүн алган кишилер жок» деп жатышат. Нарын облусу мал менен жан сактап жаткандан кийин малдын жүнүн, терисин кымбатыраак кылып өткөрүүгө мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берип койсо жакшы болот эле. Териси дагы өтпөй, таштандыга кетип жатат», - деди Ат-Башы районунун тургуну Жээнбек Жумаев.

Ат-Башы районунун тургуну Адахан Байшериев: «Меринос коюнун 1 кг жүнү 50-60 сом, 2-сорттогу ак жүндөр 30 сом, кара жүндөр 3 сомдон болууда. Быйыл чындыгында арзан, мурда 300 сомго чейин сатчубуз. Аларман жок. Жогору тарапка кайрылганда деле жыйынтык чыкпайт го. Бирок бул жакка дагы көңүл бурушса болот эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×