Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 23.06.2019 16:47 На русском

Ак-Талаада малчылар колдонгон көпүрө оңдолду

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Бычан суусунда унаалар өтүүчү көпүрө оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, союз учурунда малчылар үчүн курулган көпүрөнүн эскилиги жетип, унаалар өтүүгө кооптуу болуп калган. Көпүрө коңшу Кош-Дөбө айыл аймагына караганы менен Жерге-Тал айыл аймагынын малчылары Арпа жайлоосуна баруу үчүн колдонот. Анын абалы начар болгондуктан Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитети айыл өкмөт менен биргеликте көпүрөнү оңдоо боюнча долбоор сунуштап, донордук уюмдан 270 миң сомдук курулуш материалдары берилген. Курулуш иштеринин жүрүшүндө көпүрөнүн түбү 40 тонна таш толтурулган габион тор менен бекемделип, курулушка иштеген 19 жумушчуга БУУнун Азык-түлүк программасы аркылуу эмгек акы катары ун жана май берилди. Бул ишке Кош-Дөбө айылынын малчылары, жайыт комитети жардам кылышты.

«Коңшу айылдар менен бири-бирибизге байланыштуу көйгөйлөрүбүздү ынтымак менен чечип жатабыз. Эки айыл биргеликте Бычан суусундагы көпүрөнү оңдоп алдык. Биздин суу пайдалануучулар бирикмесинен коңшу Коңорчок айылынын дыйкандары 120 гектар аянтына сугат суу алышат. Бирок алар алган сугат суунун акысын өз убагында төлөп беришип, ички суу каналдарын оңдоого активдүү катышып келишет. Ич ара дооматыбыз жок. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» дегендей кээде чоң-чоң көйгөйлөрүбүздү ич ара ушинтип чечип алсак болот», - деди Үчүгөнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×