Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуЖумгал району 23.06.2019 21:06

«Малдын богу аралашкан саздын суусу»: Жумгалдын Лама айылынын эли курттаган сууну ичүүгө аргасыз. Видео

Turmush -  Жумгал районунун Лама айылынын тургундары таза суу көйгөйүн чече албай, малдын заңы аралашкан саздын ылай суусун ичип келе жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айылдын тургуну Азискан Жакшылыковдун айтымында, элдин кайрылбаган мекемеси, какпаган эшиктери калган эмес. Кир суунун айынан айылда бир жаш келин жана бир апа альвеококкоз оорусу менен ооруп көз жумган. Учурда айылдагы мугалим ооруп, ден соолугу өтө начар абалда болсо, мектеп жашындагы бир кыз операция болду.

«Суу чарба департаменти болсо «акча жок» деп кол куушургандан бөлөк чара көрбөйт. Айыл өкмөттүн бюджети аз. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, «2020-жылга чейин Кыргызстандын бүт аймактары таза суу менен камсыз болсун» деп тапшырма берген. Айылда 600дөн ашык тургундар жашайт. Айылга 1988-жылы суу түтүгү тартылып келип, 1-2 айдан кийин эле иштебей калган. 2003-жылы Кызыл Ай Коомунун жардамы менен бир булактан суу келип жаткан. Ал булак соолуп калып, азыр саздак сууга кошуп коюп ичип жатабыз», - деди ал.

Пенсионер Мейман апа, суу түтүктөн капкара болгон ылай суу агарын, аны айласыздан чыпкалап тундуруп ичип жатышкандарын айтып кейиди.

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Эрлан Азискан уулу таза суу боюнча жогору жакка бир канча ирет кайрылып алгылыктуу жооп келбегенин белгиледи.

«Өкмөткө, президентке чейин кайрылдык. Эч бир алгылыктуу жооп жок. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган, долбоордун тизмесине кирген. Долбоордун наркы 8,4 млн сом деп белгиленген. «2020-жылы башталып 2021-жылы бүтөт» деп жатышат. Бирок мындай катты буга чейин көп эл алып келебиз. Жыл өткөн сайын эле мына, ана болуп келишет. Буга чейин «2018-2019-жылдары бүтөт» дешкен. Андан деле дайын жок. Жогорку жактагылар губернаторго, акимдерге жасагыла деп буйругун берип жатат. Аким айыл өкмөткө берет. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн чамасы жетпейт. Айылдын бюджети болгону 3 млн сомго жетпейт, дотацияда отурабыз. Ошондуктан өлкө башчыдан таза суу көйгөйүн чечип берүүсүн суранабыз», - деди депутат.

Айыл тургуну Союзбек Дөөлөткелдиев таза суу чорголорунун башында турган суу топтоочу жайда шарт жок экенин билдирди.

«Суунун башындагы суу топтоочу жайга чыпка орнотулган эмес. Хлорлоп туруучу да жабдыктар жок. Саздагы курт-кумуркалардын таштаган жумурткалары ошол эле суу чыкчуу түтүктөрдөн чыгат. Суу да саз жыттанган баткак суу. Өкмөт көзөмөлгө алса болот эле. Айылда ансыз да оорулар көбөйдү», - деди ал.

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Бакай Эсенгулов айылдагы шарт начар экендигин белгиледи.

«Биз Лама айылына барып келгенбиз. Барып алып, сууну көрүп ушунчалык жаман болдук. Чынында аябай оор экен, момун эл экен. Адам өлүмү да болуптур, 21-кылымда жашап жатабыз. Бийлик эмнени карап жатканын билбейм», - деди Эсенгулов.

Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Исаков айылдагы таза суу көйгөйүн жөнгө салуу 2020-жылга пландалганын айтты.

«Лама айылы биздин Жумгал айыл өкмөтүнө карайт. Айыл элинин күчү менен жылда суунун башын (резервуар) тазалоо иштери жүргүзүлүп келе жатат. Дагы тазалоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул жумушту долбоор менен жасаш керек, суунун башындагы чыпкалоо иштерин жүргүзүү зарыл. Бул жумуштар боюнча райондук суу чарба департаментине кайрылып келе жатабыз. Бирок департаментте Лама айылына таза суу тартуу боюнча кезектебиз. 2020-жылга АРИС программасы аркылуу таза суу планга киргзилген, Кудай буйруса жасалып калат деп турабыз», - деди Исаков.

Эколог Динара Кадырбекова мындай сууну көп убакыт колдонгондор өнөкөт ооруга чалдыгышарын билдирет.

«Кир сууну айлап-жылдап ичкендерде өнөкөт оорулары пайда болот. Мисалы ичеги-карын ооруларынан сырткары жүрөк, боорго таасир берет. Ошондой эле тиш оорулары күчөйт. Сууну тазалоо керек», - деди ал.

Жумгал райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери Лама айылында болуп, сууну текшерүүгө алып кетишкен. Мекеменин башкы дарыгери Ринат Муктасов суунун алгачкы анализи чыгып, анда микроб бар экени аныкталгандыгын айтты.

«Биз текшерүүгө алдык. Азыр бул боюнча текшерүү жүрүп жатат. Келерки дүйшөмбү күнү да толук маалымат ала аласыздар. Азырынча суудан микроб чыкты. Биз «айылдагы суунун башын (резервуар) ичин тазалагыла, кайра анализ алабыз» деп 3 күн мөөнөт бердик. Облуска жана район акимине да маалымат берилди. Негизи сууну ичкенге болбойт. Эгер тазалоо иштери болбосо сууну токтотуш керекпиз. Сууну токтотсок, ичүүгө тыюу салсак анда да көйгөй жаралат», - деди Муктасов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×