Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 22.06.2019 11:49

Кыз-Мазар: Кочкордо жигитин күтө берип суукка тоңуп өлгөн кыз

Turmush -  Кочкор районунун Кош-Дөбө айылынын Үкөк жайлоосундагы Кыз-Мазар жөнүндөгү уламыш эл арасында азыркыга чейин айтылып келе жатат. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан аталган мазардын чоо-жайын такташтырды.

Кыз-Мазар — Үкөк жайлоосунда чоң эмес дөбөчө. Анын үстү таш менен корумдалган. Жанынан Үкөк суусу агып өтөт. Илгери Үкөк суусунун жээгинде орто чарба адам жашагандыгы айтылат. Анын айдай сулуу кызы болуптур. Кыз менен коңшу айылдагы жигит бири-бирин жактырып калат. Жигит кыздын ата-энесине келип, колун сурайт. Бирок кыздын кудалап койгон жери болгондуктан ата-энеси экөөнүн үйлөнүүсүнө каршы чыгат. Анткен менен экөө жашыруун сүйлөшүп жүрө беришет. Жигит кызды ала качмак болуп, экөө макулдашат. Адаттагыдай кыз жигитин келет деп түн ичинде болжошкон жерге барат. Суу жээгинде, тоонун этегинде күтө берет. Жигити келбей кармалат. Түнкү суукта кыз уйкусу келип, уктап алмакчы болот. Таң агарганда багымдат намазына турган атасы кызынын жок экенин байкап, издеп жөнөйт. Суу ылдый жүрүп отуруп, тайлак боздоп турганын көрөт. Жанына барып, кызынын тоңуп өлгөн денесин табат. Баягы тайлак кыздын сөөгүнө боздоп, ыйлап турган экен. Ошол кыздын сөөгү коюлган жер Кыз-Мазар деп аталып калыптыр деген уламыш айтылат.

Кара-Суу айылынын тургуну Илияз молдо Мырзабек уулу «1916-жылдары Үкөк жайлоосунда жашачу элек. Таң эрте адамдар келип, суу жээгинде аялдын өлүгү жатканын айтышты. Барсак жаш келин тоңуп өлүптүр. Кайдан, кайсы тарапка бара жатканын билген жокпуз. Тааныштары да чыкпады. Жаназасын окуп, суу жээгиндеги тоонун этегине койгонбуз» деп айтчу экен. 1992-жылдары мазарды мал тебелебесин деп элдик дарыгерлер тикенек зым менен тосушкан. Жергиликтүү эл бул жерде ак тайлак көрүнүп, анын боздогон үнү угуларын айтат.

Кара-Күңгөй айлынын тургуну Жекшен Жолдошбек уулунун айтымында, энеси Ширин Сагымбаева 9 жыл төрөбөй жүрүп, 1957-жылы Кыз-Мазарга зыяратка барып түнөйт. Ал жерде зыярат кылуунун шарттарын аткарып, кудайдын буйругу менен кыздуу болот. Ошондон кийин удаасы менен 7 балалуу болуптур.

Эл ал жерде кызыл кийим кийген кыздар жүрөт деп ишендирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×