Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 21.06.2019 14:12

Нарын шаарында мектепти ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр сыйланышты. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарындагы Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага бүтүрүүчүлөр менен бирге ата-энелер, мугалимдер жана облус жетекчилери катышты. Алгач бүтүрүүчүлөр кызыл килемден өтүштү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктоо сөз сүйлөп, окуу жылындагы ийгиликтерге токтолуп, мыкты окуучуларга сыйлыктарды тапшырды.

Облус боюнча быйылкы жылы 34 окуучу республикалык олимпиадага катышып, 5 окуучу алдыңкы орундарды алды. 13 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 2 окуучу «Алтын сертификатка» ээ болсо, 21 окуучу 200дөн жогору упай алууга жетишти.

Ошондой эле, иш-чарада ар кандай деңгээлдеги фестивалдарда баш байгеге ээ болгондор, спортто ийгиликке жетишкендерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жыйынтыгында концерттик программа тартууланды.

Быйыл кызыл килемден жалпы 155 бүтүрүүчү өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×