Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуНарын району 21.06.2019 09:34

Нарында «Баластан ордо» лагериндеги балдарга жолдо жүрүү жана сууга түшүү эрежелери айтылды

Turmush -  Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы балдар лагеринде жолдо жүрүү жана сууга түшүү эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Эмгек-Талаа айылындагы милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Т.Басылбеков Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу «Баластан ордо» балдар лагерине барып, жаш өспүрүмдөргө жолдо жүрүү, жайкы эс алуу убагында сууга түшүү эрежелери боюнча айтып берди. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн кызыккан ар кандай суроолоруна жооп берип, аңгемелешти.

Аталган лагерде азыркы учурда 7 жаштан 11 жашка чейинки 31 өспүрүм тарбияланып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×