Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуНарын району 13.06.2019 08:33 На русском

Сууга агып, жансыз денеси аянычтуу табылган Нуриланын эжеси анын кандай кыз экенин айтып берди. Сүрөт

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна агып кеткен 6 жаштагы кыздын денеси кечээ, 12-июнь күнү Ак-Талаа районунан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Маалыматка караганда, саат 13:15 чамасында Ак-Талаа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө РИИБдин кызматкери чалып, Кара-Ой айылынын түштүк тарабындагы Нарын суусунун жээгинде жансыз адамдын денеси жатканын билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, болжол менен 6-7 жаштагы кыздын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүшкөн. Кароо учурунда сол жана оң жамбашынын алды болжол менен 10-15 см оюлгандыгы жана кыздын башына өңү кызыл түстөгү сырткы кийими оролуп калгандыгы аныкталган.

Ошондой эле денеси жээктен табылган кыз Нарын районунун Миң-Булак айылынын 2013-жылы туулган тургуну Нурила экени белгилүү болгон. Ал ушул жылдын 17-майынан бери табылбай жаткан. Кыздын денеси Ак-Талаа райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, маркумдун өздүгүн тактоо үчүн анын атасы — Нарын районунун тургуну чакырылган.

«Атасы кызын тааныды. Бүгүн кыздын сөөгү атасына өткөрүлүп берилет», - деген Нарын ОИИБдин басма сөз катчысы К.Эсенгулова.

Аталган кыздын эжеси Айзат Сүйүндүкованын айтымында, Нурила жароокер, шайыр мүнөз кыз болчу.

«Элеси көз алдыбыздан кетпей турат. Ал айылдагы бала бакчада тарбияланчу. Күн сайын бала бакчага өзү теңдүү балдар менен барып турчу. Ата-энеси, бир туугандары, баарыбыз анын табылышын кудайдан тилеп жаттык», - деди ал.

Ал эми бала бакчадагы тарбиячылар Нурила ар кандай маданий иш-чараларга калбай катышып, өзүнө жарашыктуу кийимдерди кийип, талантын көрсөтүп, курбуларынан өзгөчөлөнүп турчу дешет.

«Эмне дейбиз, тагдырдын жазмышы ушундай экен. Ал эми арабызда жок. Эгер ал түрүү болгондо жайкы эс алуудан кийин кайрадан курбулары менен бала бакчага келип, эже-агайларынын тарбиясында болмок. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе арабыздан шум ажал алып кетти. Биздин да ичибиз ачышып жатат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кош, Нурила», - деди тарбиячы.

-------------------------------------------------------------------------------------

Окуя 17-апрель күнү кечке жуук айылдан анча алыс эмес жерде — Он-Арча суусунун жээгинде болгон. Кыздын сууга акканын көргөндөр алгач суу жээгинде жүргөн атчан адамга айтып барышкан. Бирок аны кармап калуу мүмкүн болбой калган.

Он-Арча суусу Миң-Булак айылын аралап келип, Нарын дарыясына кошулат. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери ал жерге тор тосмолорду коюшкан. Издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 7 суучул, 20 куткаруучу, коңшу айылдардан жалпы 250гө жакын адамдар жардам беришкен.

Мындай окуя мындан эки жыл мурун да болгон. Райондогу Оорук-Там айылында 2 жаштагы бала сууга агып кетип, бир айлык издөө иштеринен майнап чыкпай, табылбай калган.

Буга чейин Нуриланын жеңеси Айгүл Калиева Turmush басылмасына окуя тууралуу айтып берген.

«Апасы Элиза дагы бала бакчада иштейт. Экөө чогуу үйгө келишиптир. Нурила бала эмеспи, күндөгүдөй эшикке ойногону чыгып кетиптир. Өзү теңдүү беш-алты кошуна кыздар-балдар менен балык көрүү үчүн сууга барышыптыр. Аны кармайм деп Нурила өзү түшүп кетиптир. Жанындагылар кичинекей да “Нурила” деп кыйкырып туруп калышыптыр. Алар коркуп, эмне кыларын билбей тура беришиптир. Ошол жакка айылдагы жаш бала атын тушаганы барып калган. Ал балага айтышыптыр. Бирок кызды таппай калыптыр. Аталган баладан сурасак, “чуркап баргыча эле эч нерсе көрүнбөй, таппай калдык” деди», - деген Айгүл Калиева.

Буга чейин Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 6 жаштагы кыз түшүп кеткендигин 18-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×