Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.06.2019 15:04 На русском

Курсакта батышып, азыр кең ааламга батпай уруша кетебиз, - эгиздер Мухаммед менен Мухаббат

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ак-Талаа районунан чыккан аккордеончу, ырчы Бурул Дүйшееванын балдары Мухаммед менен Мухаббат. Учурда эгиздер Москва шаарында эмгектенип жатышат.

Аккордеончу Б.Дүйшееванын 2 кыз, 1 уулу бар. Улуу кызы Нурсел 1991-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Баетов айылында чоңойгон. Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебин артыкчылык күбөлүк менен аяктап, кийин борбордогу Юридикалык академияда билим алган. Азыркы тапта Түркиянын Стамбул шаарында жашайт. Үй-бүлөлүү. Ал эми эгиз балдары Мухаммед менен Мухаббат 1995-жылы 1-апрелде Чолпон-Ата шаарында туулган.

Мухаммед Москвада курулуш компаниялардын биринде прорабдын жардамчысы болуп иштеп жатса, Мухаббат ресторандардын биринде официант болуп эмгектенет. Ал Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде комуз жана фортепиано чертүү боюнча билим алып, кийин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен кийим тигүү боюнча дизайнерлик кесибине ээ болуп чыккан.

Эгиздердин учурдагы жашоосу

Мухаммед: - Жогорку окуу жайды деле бүткөн эмесмин. Бишкекте автоунааларды боёп иштеп жүрчүмүн. Москвага келгениме 2 ай эле убакыт болду. Учурда прорабдын жардамчысымын. Өмүрүмдө биринчи жолу курулушта иштеп жатам. Апам «курулушта иштесең боло» деп айтчу, мен «ий, коюңузчу» деп койчумун. Мына азыр курулуш иши кандай экенин билип жатам. Үй-бүлөм бар, 1 кыздын атасы болом. Келинчегим Талас облусунан болот. Бул жакка жаңы келгенде аябай кыйналдым. Кыргызстанды сагынып, адашып кетип дегендей. Азыр кудайга шүгүр, баарын билим калдым.

Мухаббат: - Мен Москвага Мухамедден биринчи эле келгем. Келгениме 1 жыл болуп калды. Ресторанда официант болуп иштеп жүрөм. Бишкекте деле иштей берсем болмок. Бирок ал жакта айлык маяна аз, каражат чогулта албайсың. Келе электе эле жумушумду сүйлөшүп койгом. Жумуш издеп кыйналган жокмун. Келгенден кийин 2 айдай апамды сагынып ыйлап, кыйналып жүрдүм. Азыр баары жакшы. Көнүп калдым. Мухаммед классташы менен бирге жашайт, мен 2 курбу кызым менен чогуу жашайм.

Эгиздердин мүнөзү, сагынычы жана таарынычы

Мухаммед: - Мухаббат экөөбүз эгиз болгонубуз менен ортодо улуу-кичүүдөй мамилебиз бар. Мен Мухаббаттан 15 мүнөт улуумун. Карындашымдай көрөм. Экөөбүздүн мүнөзүбүз бир-бирибизге окшошпойт. Мен жоошмун, анын жини чукул (күлүп).

Мухаббат: - Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшошпойт, ал жоошурак. Муха баарына ишене берет, ак көңүл. Ушул мүнөзү жакпайт.

Мухаммед: - Экөөбүз кээде чукчуңдашып уруша кетебиз. Ал баары бир өзүнүкүн бербейт. Мен унчукпай калам. Аны таарынтып алгандан корком, себеби көк бет. Баарын кылып берсең деле көк беттенип бир жумадан кийин жибийт. Шоколад, каалаганын алып берем. Ага деле көнбөйт. Макул деп мен жумушка кетем. Жолукпай калсам сагынып калат ойшойт, телефон чалып калат. Кайра жакшы сүйлөшүп калабыз.

Мухаббат: - Мен Мухадай болуп көп сүйлөй албайм. Урушканда көп эле сүйлөйм (күлүп). Таарынганда 2-3 күн, кээде 1 ай бою сүйлөбөй жүрө берем. Экөөбүз сөздөн эле «меники туура, сеники туура эмес» деп бир нерсени талашып жатып эле уруша кетебиз. Айтчы, Муха (күлүп).

Мухаммед: - Айтсам, азыр Мухаббат дагы урушуп баштайт (күлүп). Мисалы «апамды сенден мен көбүрөк жакшы көрөм» дейм, сен болсо «мен жакшы көрөм» дейсиң. Анан экөөбүз чукчуңдаша кетебиз.

Жакшы жери, сый талашып чукчуңдаша кетебиз. Антсек деле бир-бирибизди аябай сагынабыз. Бирок билгизбей сагынабыз.

Эгиздердин сый-урматы, ага-карындаш мамиле

Мухаммед: - Жаңы күйөө бала болуп кайын журтка барганда аябай сүрдөдүм. Жеңелер, апалар оозуңа сары майдан салат экен. Ага чейин сары май жеген эмесмин. Сары май жегенди Таластан үйрөндүм. Мурун жесем жүрөгүм айланчу. Салтты аябай катуу кармашат экен. Күйөө баланы төргө отуругузуп коёт экен. Ошол жери жаккан жок. Бирок мен төргө отурбай койдум, себеби кудуретим жеткен жок. Азыр күйөө бала болгон соң милдеттеримди так аткарып, кызмат кылам. Кой сойгонду билчү эмесмин. Кайнагаларыма «кой сойгонду билбейм. Үйрөтүп коюңуздар» деп айттым. Ошентип кайнагамдан кой сойгонду үйрөндүм. Жамандык, жакшылыкка чакырып турушат. Барып эт бышырып берем. Мени эгиздин түгөйү экенимди билишкенде аябай жакшы кабыл алышты. Анткени, кайнатамдын атасы эгиз болгон экен. Алардын дагы үй-бүлөсүндө эгиздер бар экен.

Мухаббат: - Мухамеддин колуктусу Айжамал экөөбүз ачык сүйлөшөбүз. Айжамал апама айта албаганын мага айтат. Экөөбүз курбубуз.

Мухаммед: - Менин колуктумду Мухаббат жеңе дебейт. Анткени, Айжамал экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде ал экөө курбу болуп алган. «Жеңе деп айт» деп деле айтам. Мухаббат күйөөгө тийсе, күйөөсүн дос эмес күйөө бала кылам. Анткени мен үйдө жалгыз эркек баламын. Кайнагалык мамиле кылам. Мухаббат «сен дагы дос кылып алба. Кайнагалыгыңды көрсөт, катуу бол» деп айтып калат.

Мухаббат: - Жигитим бар. Анын дагы аты Мухаммед. Мухаммед экөөнү жолуктургам. Ооба, Мухамеддин ага дос болушуна жол бербейм. Анткени атабыз жок. Муха үйдө жалгыз эркек бала болгондуктан ата катары туу тутушубуз керек.

Мухаммед: - Мухаббаттын жигити менен таанышкам. Сынагам, байкашымча жакшы эле бала окшойт.

Максаттары, ой-тилектери, окуялар...

Мухаббат: - Менин алдыдагы максатым — акча топтоп, Бишкектен үй алып, апамды айылдан алып келсем дейм. Апам «күйөөгө тийсең алыска эле тий» деп тамашалап калат. Бизди урушпайт. Акырын сөздөр менен эле тыйып коёт.

Мухаммед: - Апам биздин каалообузга тыюу салган эмес. Алыстан колукту алганда абдан кубанган. Келинин аябай жакшы көрөт.

Мухаббат экөөбүз башталгыч класста окуп жүргөн кезде сумкасына 2 китеп салып койсом жыгылып калчу. Аябай кичинекей болчу. Бирок тили булбулдай сайрачу. Анан апам мени аябай урушчу. Азыр кээде апама «кызыңыз экөөбүз курсагыңызга кантип баттык эле. Эми кең ааламга батпай жатабыз» деп айтып калам. А, апам күлүп калат.

Энекем, сагынганда көзүмө жаш аламын,
Сыласа маңдайымдан, дагы эле жаш баламын.
Сыйкыры мээримиңдин ченемсиз зор касиет,
Адамдар таазим кыла бүт баш ийет.

Кубаныч кучагыңа бир болуп бөлөнөрбүз,
Кыйындык башка түшсө таянып жөлөнөрбүз,
Алыста жүрсөк дагы апакем жаңымдасың,
Тилегиң орундалып, урматың жалындасың.

Эгиздин апасы Бурул Дүйшеева: - Мен бактылуу эненин катарындамын деп сүйүнүү менен айта алам. Сүйүндүргөн жактары — алардын кылык-жоруктары, күлкүлөрү. 1,5 жаш кездеринде экөөнүн там-туң этип кас-кас басышы ичимди элжиретчү. Арманым болсо, Мухаббатымдын атасын издегени.

Уулум Мухаммед Мухаббат менен урушуп кеткенде бир сөзү мени аябай күлдүргөн. Ал сөзгө азыр да жылмайып калам. «Курсакта бир жаралып, бирге дем алып, жарыкчылыкка бирге ыңаалап келип, жакшынакай эле сиздин курсагыңызга баттык эле. Азыр кең ааламга батпай уруша кетебиз» деп айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×