Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусу, Нарын 12.06.2019 10:25

Нарында шаар аралаган мал-жандыктарды атчан корукчулар көзөмөлдөмөй болду

Turmush -  Нарын шаарында көчө аралап, ээн жүргɵн мал-жандыктарды тартипке салуу максатында «Жашылдандыруу» ишканасында корукчу штаттык бирдиги ачылып, эки жумушчу алынды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

корукчу

Маалым болгондой, аталган штатты ачууга жергиликтүү бюджеттен 118 миӊ сом каралып, корукчулар эки ат менен камсыз болду.

«Эми каралбай, ээн жүргɵн мал-жандыктар шаардын сыртына айдалат. Мындай чарага мал ээлеринин ɵз малына болгон жоопкерчиликсиз мамилеси түрткү болду», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин шаар аралап баскан уйлардын ээлерине тургундар нааразы болуп келишкен. Мындан улам ээн жүргөн уйлар камакка да алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×