Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 11.06.2019 11:47 На русском

Элет көйгөйү: Таштандыга төгүлгөн картошкалар же эмгеги талаага кеткен дыйкандар

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы дыйкандар сатылбай калган картошканын үрөнүн эгип жатышат. Өткөн жылы дыйкандардын эмгеги акталбай, жараксыз болуп калган картошка жазында талаага төгүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кочкор районунда 3311 гектар аянтка картошка айдалып, 31011 тонна түшүм жыйналган. Бирок күзүндө сатып алуучулар аз болуп, картошканын баасы 6-7 сомго, кийин 3-4 сомго түшүп кеткендиктен айласыз сактоого мажбур болушкан. Андан кийин алармандардын жоктугунан картошка өнүп, айрымдары үшүп кетип, жаз алды менен талаага төгүүгө мажбур болушкан.

Кочкор райондук айыл чарба департаментинин маалыматына караганда, быйылкы жазда район боюнча жылдагыдай эле 3311 гектар аянтка картошка эгилет. Кочкор районундагы кээ бир дыйкандар айласыз талаага төгүп салгандан көрө деп, тобокелдикке барып картошка өстүрүп жатышат. Быйылкы жылы суу тартыш болгондуктан көп дыйкандар кургак жерге үрөн себүүгө аргасыз болушууда.

Жаңы-Жол айылынын тургуну Тилек Осмоналиев, Кош-Дөбө айылынын тургуну Улан Төрөбеков жана башка көптөгөн дыйкандар кургак жерине үрөн себишкен.

Кара-Күңгөй айылынын тургуну, фермер Эршат Усупбаев күзүндө 30 тонна картошканын түшүмүн алып, 25 тонна картошкасы өтпөй жараксыз абалга келгенин айтат. Ал эми кээ бир дыйкандар күзүндө картошканын баасы жогору болорунан күмөн санап, аз көлөмдө өстүрүп жатышат. Азыркы учурда айдап-себүү иштери уланууда.

Ал эми талааларда төгүлгөн картошкалардан жагымсыз жыт чыгып, айлана-чөйрөнү булгап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×