Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 11.06.2019 11:12

Элет көйгөйү: Ат-Башынын Иманбердиев көчөсүнүн тургундары жолдун оңдолбогонуна нааразы

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Иманбердиев атындагы көчөдөгү жол кейиштүү абалда турат. Айыл тургундары бул жолду асфальттоо үчүн жергиликтүү бийликке кайрылып, нааразы болгонуна 3 жылдын жүзү болду. Алардын көйгөйүн аймактык кабарчы жеринде укту.

Маалым болгондой, аталган жолдун 2 чакырымы жыл башында Транспорт жана жолдор министрлигинин планына кирип, асфальттоого каражат бөлүнгөн. Бирок ортодон ал каражат Ат-Башы көчөсүндөгү жолго которулган.

Ат-Башы айылынын тургуну Эмилбек Осмонов: «Кээде унаа ойдуң жерлерге тыгылып калган учур болот. Унааны орточо ылдамдыкта айдайбыз. Бул жол каралбайт. Быйыл асфальттайбыз деп коюп, жада калса күрөлгөн жок. Бул көчө менен күнүгө 7 унаа 140 жолу каттайт. Айрыкча жамгыр жааганда шумдук болуп калат. Жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын жол жок. Окуучулар суу кечип өтүшөт.

Өткөн жылы күрөлгөн, ошол боюнча калды. Азыр акчабыз жок дейт. Бүгүнкү күндө жамгыр жаап, чаң сапырылбай калды. Же болбосо бул жер чаңдап, асманга сапырылып турат. 2,5 чакырым жолго асфальт төшөп берсе жакшы болмок. Эс алуучу жерлер бар. Айрыкча чет жактан келген меймандарды алып баралы десек уялабыз», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Дүйшөбай Канжаев: «Унаалар тез-тезден эле бузулуп, айдоочулар ыйлап эле жатышат. Менин билишимче мурдагы жылы асфальтталмак. Бирок ушул күнгө чейин оңдолгон жок. Быйыл оңдолот деп жатышат», - деди.

Ат-Башы айылындагы пенсионер Шаарман Имирова: «Жолдун абалы аябай начар. Унаа менен эмес, жөө келе жатканда жер тандап отуруп араң келебиз. Жолду оңдоп беришсе жакшы болмок. Чоңдор ушуга көңүл буруп, оңдоп кое турган», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Ишен Миякеев: «Унаа менен эмес, велосипед менен да өтө албайбыз. Бөлүнгөн акчаны башка жакка которуп жиберип жатышат. Убада берип эле жатышты. Бирок жыйынтык жок. Быйыл элдин жаны ачыганда көтөрүлүп айтып жатышат. Тургундар чыдай албай калды», - деп кошумчалады.

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев бул жолду асфальттоо үчүн бир катар аракеттер жүргөнүн айтты.

«Иманбердиев көчөсүнүн абалы боюнча маселе көп жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат. Жергиликтүү бюджеттен күндөлүк оңдоо жасалып эле келди. Бирок ал убактылуу болуп эле жолубуз тешилип калып жатат. Бул негизги жол. Ак-Жар, Босого деген маршруттук каттамдар ушул көчө менен жүрөт. Ушул көчөнүн башында токой чарбасынын питомниги бар. Эки жактан келген адамдардын баарын ошол жакка алып барып эс алдырабыз. Бул көчө Ат-Башынын жүзү болуп турат. Оңдотуп алалы деп көп аракеттерди жасап жүргөнбүз.

Мындан 2-3 жыл мурун айылдык кеңештин төрагасы жол маселеси менен Бишкекте чуркап жүрдү. «Кытай салган жолдон үнөмдөлгөн акча бар экен. Ушунун эсебинен бир жолду жасатмай болдук» дегенде аябай сүйүнүп, аталган жолду планга киргизгенбиз. Баш аягы 5 чакырым жолду пландаштырганбыз. Жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, долбоорун чийдирип даярдатканбыз. Бирок аталган каражат келбей токтоп калды», - деди ал.

Андан кийин Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ар бир райондун борборундагы 3 чакырым жолду асфальттоо боюнча өкмөт токтом кабыл алган. Анын негизинде Иманбердиев көчөсүнүн 2 чакырым жолу асфальттоого көрсөтүлгөн.

«Чеч-Дөбө көчөсүнүн аягы бүтпөй калган. Ошону жанагы үнөмдөлгөн каражатка бүткөрөлү дегенбиз. Министрлик жасай турган 2 чакырым жолдун каражатын айрым депутаттардын сунушу менен Ат-Башы көчөсүндөгү жолго которулуп кеткен. Ошондон баштап талаш-тартыш маселе пайда болду. Себеби, үнөмдөлгөн каражаттын келер-келбеси белгисиз болуп калды. Өткөндө ЖКнын депутаттары келип кетти. Ушул боюнча суроо берсек, ал акча арсар деди. Дубан башчысы “ал акча келбейт. Берген күндө дагы Ат-Башыга келбейт” деди. Ошондон бери элдердин тынчы кетип, «эмнеге келбеген акча менен бизди алдайсыңар? 2 чакырым жолду кыргыз өкмөтү каржылаган. Ошол каражатты кайтарып, оңдоп бергиле» деп жатат», - деди ал.

Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев бул маселе боюнча буларга токтолду.

«Жыл башында Иманбердиев көчөсүнүн 2 чакырым жолу Транспорт жана жол министрлигинин планына кирген. Бирок айылдык кеңештин төрагасы бул жол Бишкек—Нарын—Торугарт жолунан үнөмдөлгөн каражатка жасалганы калды деп бизден кат алып кеткен. Ошол каттын негизинде 2 чакырым жолдун каражаты Ат-Башы көчөсүнө которулган. Дүйшөмбү күнү айылдык кеңештин төрагасы болуп министрликте болобуз. Ал жакта кандай өзгөрүүлөр болот, ошого жараша жасалат», - деди район акими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×