Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.06.2019 16:03

Ак-талаалык спортчулар облустук мелдеште алдыңкы орундарды камсыздашты

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун спортчулары «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын алдында өткөн мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, 6-7-8-июнь күндөрү облустук деңгээлдеги аталган спорттук мелдеш Жумгал районунда өткөрүлүп, ага Ак-Талаа районунан спорттун 8 түрү боюнча 65 спортчу катышты.

Кыргыз күрөшү боюнча алдыңкы орундарды ээлегендер:

- 1-орун Кадырбек уулу Урмат (55 кг салмак);
- 1-орун Нарынбек уулу Урмат (60 кг салмак);
- 1-орун Кубат Бообеков (66 кг салмакта);
- 3-орун Бактияр уулу Азамат (74 кг салмак );
- 1-орун Алмаз Соодонбеков (96 кг салмак);
- 1-орун Акжолтой уулу Элдияр (96 кг салмактан жогору).

Таяк тартыш боюнча алдыңкы орундарды ээлегендер:

- 1-орун Курдашбек Абышов (70 кг салмак);
- 2-орун Тилек Токторбаев (90 кг салмак).

1 000 метр аралыкка чуркоо боюнча алдыңкы орундарды ээлегендер:

- 3-орун Кадырбек уулу Нурсултан.

Тогуз коргоол боюнча алдыңкы орундарды ээлегендер:

- 3-орун Таалай Байсеркеев.

Футбол мелдешинде 2-орунду Баетов айылынын командасы камсыздашкан. Андан сырткары, эркектер арасында өткөн волейбол мелдешинде 3-орунду Жаңы-Талап айылынын командасы камсыздаса, ал эми кыздар арасында өткөн мелдеште Баетов айылынын командасы 2-орунду ээлешти. Ордо боюнча 3-орунду Баетов айылынын командасы ээлешти. Жалпы командалык эсепте Ак-Талаа району 3-орунду багындырышты.

Жеңүүчүлөр Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын диплом жана медалдары менен сыйланышкан. Ошондой эле 1-орунду алган спортчулар 19-24-июнь күндөрү республикалык мелдешке жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×