Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 10.06.2019 10:51

«Бут кийими табылып, өзү жок»: Сууга аккан Нурила 25 күндөн бери табыла элек

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна аккан 6 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 17-май күнү кечке жуук айылдан анча алыс эмес жерде — Он-Арча суусунун жээгинде болуп, 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз сууга агып кеткен.

«8-июнь күнү Нарын дарыясынын жээгиндеги издөө иштерин №47 бөлүктүн куткаруучулары жүргүзгөн. Издөө иштери 10-июнь күнү улантылат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, кыздын сууга акканын көргөндөр алгач суунун жээгинде жүргөн атчан адамга айтып барышкан. Бирок аны кармап калуу мүмкүн болбой калган.

Ал эми Нарын ОИИБдин маалыматына караганда, 2019-жылдын 17-майында саат 20:38 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кичинекей кыз Он-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде кароо жүргүзгөн учурда суунун жээгинен 6 жаштагы Нурилага таандык ачык кызыл түстөгү бут кийими табылган.

Кийинчерээк жеңеси Айгүл Калиева Он-Арча суусуна аккан 6 жаштагы Нурила курдаштары менен балык көрүү үчүн аталган жерге барганын айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×