Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 10.06.2019 08:02

Ат-Башыдагы ат жолдун ордуна унаа жол пайда болду (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Баткак кыштоосунан Кызыл-Жар белине чейинки жол жаңыртылды. Эски ат жолдун ордуна жаңы унаа жол курулганын аймактык кабарчыга Кара-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Алтынбек Шаршеналы уулу билдирди.

Аталган жаңы жол жалпы 45 миң сомго жасалып, анын узундугу 1500 метрди түзгөн. Малчылар азыркы тапта ошол жол менен каттап жатышат.

«Мурун бел тик болчу. Жаңы жол салынганы бел да жапыздады, жол да кыскарды. Жаңы жол менен 20 кашарга малчылар каттайт. Мында жайыт пайдалануучулардын эмгеги чоң. Алар жайыт акысын өз убагында төлөп беришип, ушундай жакшы жол салынды. Ошондой эле “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү” долбоору менен келген жүктөгүч унаанын айдоочусу Сулайман уулу Тилекке ыраазыбыз», - деди Алтынбек Шаршеналы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×