Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.06.2019 16:03

Ак-Талаада 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр футбол аянтчасын оңдоп беришти (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр футбол аянтчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Бул тууралуу 20 жылдык бүтүрүүчү Анара Нусупова аймактык кабарчыга билдирди.

Кош-Дөбө айылындагы футбол аянтчасынын эскилиги жеткендиктен, аны оңдоп-түзөө иштерин Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү колго алышкан. Оңдоо иштерине 10 жылдык бүтүрүүчүлөр 150 миң сом чогултса, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 100 миң сом беришкен.

Ошондой эле 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Э.Мейманов мектебине Кыргызстандын туусун орнотуп беришкен. Ага 15 миң сом каражат сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×