Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 08.06.2019 15:06

Чет-нуралык айдоочулар айыл өкмөттөгү жолго шагыл төгүп, түздөп берүүнү талап кылышууда

Turmush -  Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тургундары аталган айыл өкмөтүнүн кире беришиндеги жана айылдардын ичиндеги жолдун абалынан унаалар жүрө албай жаткандыгын айтып, жолго шагыл төгүп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Чет-Нура айылынын тургуну Сабирдин Жусупов: «Мурда айыл өкмөткө карачу. Андан соң жол тейлөө мекемесине өтүп кеткенден кийин эле жол каралбай калды. Азыр кимисине ишенерибизди билбейбиз. Аким болсо келет, кайра кетет. Чоңдор келерде эле сүрдүрүлөт. Байкуш айдоочуларга убал болду. Сүрдүрүлгөнүнө 2 эле күн болду. Бирок баягыдай. Азыр эл жолго шагыл төгүп, түздөп берип коюшсун деп талап коюп жатат. Эң түпкү айылга чейин жол кире акысы 100 сом», - деди.

Байгазак айылынын тургуну Асангазы Жангазиев: «Бул жол шифер сыяктуу. Унааны тез-тезден оңдотобуз. Жолду жок дегенде бир айда эки жолу сүрдүрүп берип коюшса жакшы болот эле. Бул советтер союзунан калган жол. Мен айдоочумун, эл ташыйм», - деди.

Байгазак айылынын тургуну Урмат Үсөнбеков: «Мен дагы Нарынга каттайм. Жол кире акысына 50 сом алабыз. Бирок ал унааны оңдоого гана жумшалат. Жүрө албай калдык. Ушуну бир карап берип коюшса жакшы болмок. Чуңкурлардан дөңгөлөктөр жарылып кетип жатат. 2 айга чейин сүрдүрүлбөй калып жатат», - деди.

Чет-Нура айылынын тургуну Алмаз Арыков: «Ушул жолдон айдалган унаанын шору. Бул жактан унаалар качат, айла жоктон эле жүрөбүз. Арыз жазып эле жатабыз, эч жыйынтык жок. Чет-Нурадан Нарынга чейин 20 чакырым, ошондо 1 саатта келем. Шагыл эле төгүп, убагы менен сүрдүрүп турушса. Талабыбыз ушул. Бул жолду 2 күн мурун түрткөн. Бирок, өтө жаман абалда. Нарын району боюнча эң начар жол ушул», - деди.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Азамат Үмүрканов быйыл 1,5 чакырым жол асфальтталарын айтты.

«Биздин айыл өкмөткө жалпы 8 айыл карайт. Быйыл Ийри-Суу айылындагы 1 чакырым жол, Орто-Саз айылындагы 0,5 чакырым жол асфальтталат. 3-4 күндүн ичинде башталат деп жатышат», - деди ал.

Нарын райондук №8 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Акылбек Мусабаев бул жолду асфальттоо керектигин айтты.

«Бул жолго 70 жыл болгон. Муну асфальттоо гана керек. Шагылга акча каралбайт. Кырып гана турабыз. Планга жараша жолдор 1 айда бир жолу сүрдүрүлүп турат. Чет-Нура айыл өкмөтүндө 45 чакырым жол бар. Быйыл 2 чакырым жолду асфальттоого 9 млн сом каралган. Аталган айыл өкмөттүн Таш-Мойнок айылына чейин бүт шагыл жол. Биз жалпы 405 чакырым жолду тейлейбиз. Ошонун 70-80 пайызы бүт таш жол», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×