Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.06.2019 14:11

Сүрдөгөн аяз ата балдардан белек талап кылып… М.Жусубалиеванын кызыктары

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 37 жаштагы тургуну Мимоза Жусубалиева 12 жылдан бери бөбөктөрдү тарбиялап келет. Ал аймактык кабарчыга кызыктуу бир окуяны айтып берди.

«Мен Үгүт айылындагы жигитке турмушка чыккам. Айылдагы бала бакчанын жетекчисимин. Кесибим мугалим. Педагогикалык стажым 12 жыл. Жумушубуз түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жумуш. Балдар менен иштешүү абдан кызыктуу. Азыркы балдар кандай билбейм, замандын талабына ылайыкпы? Айтор аябай шок балдар. Бир нерсе айтсаң дагы такыр унутушпайт, чоң кишини кичирейтип койгондой эле сүйлөшөт.

Балдар менен байланышкан көп окуялар кездешет. Балдар өздөрү эле күлкүлүү го, сүйлөгөн сөздөрү, кылыктары. Айрыкча эртең менен коюлуучу оюнда бийлешкенде же ар кандай каармандарды аткарганда ата-эне дагы ыраазы болот. Бир жолу жаңы жылда кароолчубуз аяз ата болмой болду. Аябай сүрдөп, аткара аламбы деп жатып чыккан. Ошондо аяз атабыз «азаматсыңар балдар. Силер аябай таланттуу балдар турбайсыңарбы» деп жакшы эле сүйлөп жаткан. Анан «жакшы ырдагыла, мен силерге белек алып келдим» деп айтканы жаткан аяз ата сүрдөп кетип, «мен силерден белек алайын деп келдим» деп боорду эзген», - деди ал.

Мимоза Жусубалиева 5 баланын энеси.

«Бош убактымда китеп окуганды жакшы көрөм. Мындан тышкары түймөгө кызыгам. Келечектеги максатым — бала бакча үчүн көптөгөн долбоорлор менен иштешип, балдарга жакшы шарт түзүү. Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жолдошум Замир экөөбүз баш кошконубузга 19 жылдын жүзү болду. 2 уул, 3 кызыбыз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×