Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 07.06.2019 18:24

Элдик уламыш: Бир кезде хандардын ордосу болгон Орто-Токой жер шарынын борборубу?

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагындагы Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч экендигин көптөр биле бербейт. Суу сактагыч эмне үчүн Орто-Токой деп аталганына аймактык кабарчы кызыгып көрдү.

Улуу муундардын, анын ичинде Кош-Дөбө айылынын тургундары Шеримбек Өмүркалиев, Уулман Өскөнбаевалардын айтымында, азыркы Орто-Токойдо, башкача айтканда Балыкчы менен Кара-Коонун (азыркы Кочкор) аралыгында ойдуңча жайык түздүк болгон. Ал жерде кара чычырканак, кырчын, тал, ит мурун, алтыкана сыяктуу жапалдаш бадал, караган-бута өскөн. Орто жерге өскөн токой деп, жүрүшүп Орто-Токой аталып калган. Негизи Орто-Токой жыш чыккан талдары менен эле эмес, бутка оролгон тулаң чөбү, мөлтүр кашка суусу, малга жайлуулугу, токойдогу түркүн айбанаттары менен айырмаланып турчу экен. «Тоолордо жейрени үйүрү менен жайылып, таңга маал сууга түшүп келчү» деп карыялар айтышчу дешет. Мына ошол алтын чөйчөктөй бул жер Орто-Токой суу сактагычынын алдында калган. Жалкоо адамдарга «Орто-Токойдо туруп, отун жок деген адам» деп баа беришчү.

Орто-Токой Чүй дарыясынын нугунда, Балыкчы темир жол бекетинен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Совет өкмөтү курула электе Орто-Токойдогу ойдуңчага Ындыбай Атанбай уулу, Өскөнбай Жоомарт уулу жана бир катар адамдар отурукташкан. Ал жерде Сейфуль Мулюковдун (кээ бир жазмаларда Закир бекетчинин) менчик почта бекети орун алган. Ошол бекетте коомдук ишмер, алгачкы эл комиссары Баялы Исакеев иштеген. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында да адамдар жашаган.

Орто-Токой хандардын ордосу болгонбу?

Орто-Токойдун күңгөй жак жээги Каңшаар деп аталат. Бул жерде байыркы учурларда Каңшаар аталышындагы шаар болгону тууралуу уламыштар бар экен. Ал жерлерден кийинки мезгилде карапа, идиштер чыкканы тууралуу айтылып жүрөт.

Тарыхый булактарда, санжыраларда Дөөлөсбактынын (Сарбагыштын) Токо, Жантай, Элчибек, Манап деген төрт уулу да баатыр болгон. Дөөлөсбактынын төрт уулунан тарагандар сарбагыш уруусунун негизин түзөт. Дөөлөсбакты Кенже уулу төрөлгөндө атын Манап деп коёт. Манап бий 16-кылымдын аягында өз алдынча эл башкара баштагандан эле кыргыз урууларынын ортосундагы ынтымакты чыңдоо үчүн күрөшөт.

Манап бийдин ордосу Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жерден орун алган эле. Ал жерге кыргыз, казактын кол башчылары, таасирдүү адамдары байма-бай каттап, саясий кырдаалды талкуулап, душмандан сактануу үчүн кол чогултушкан.

Манап бийдин жетекчилигинде кыргыз, казактардын колу менен калмактардын ортосунда 1619-1625-жылдардын аралыгында эки тараптан түмөндөгөн, аскер катышкан, айыгышкан салгылаш болот. Ошентип, 17-кылымдын башында кыргыз менен казактардын ынтымагы күчөп, баскынчыларга бирге күрөшүүгө чечим кабыл алышкан. Ошол сүйлөшүүлөр Орто-Токойдо жүргүзүлгөн. Эшим хан, Көкүм бий, Манап бий баштаган кыргыз-казак аскеринин соккусунан калмактар Сибирге чегинүүгө аргасыз болушкан.

Кийин түндүк кыргыздарынын ханы болуп эсептелген Ормон Ниязбек уулунун (1792-1854) ордосу жайкысын Кырчында, кышкысын Орто-Токойдо болгон.

Орто-Токой жер шарынын борборубу?

Геосаясат илимине негиз салуучу француз окумуштуусу Мокендандер «химтленд» деген термин киргизиптир. Бул сөз жер шарынын борбору дегенди билдирет. Жер шарынын борбору Орто-Азия чөлкөмү экендигин окумуштуулар далилдеген.

Жергиликтүү геосаясатчы Марат Сүйүмбаевдин изилдөөсүндө жер шарынын борбору Кыргызстан, андан тагыраагы Орто-Токой суу сактагычы курулган жер экен. Суу сактагыч курула элек кезде бул жерде Кара-Мойнок деген Кочкор районуна караштуу чакан айыл болгон дептир.

Мындан миң жыл мурда Махмуд Кашгари өзүнүн картасында жер шарынын борбору деп Ысык-Көлдүн жээгиндеги Барскоон калаасын көрсөткөн. Ал эми Барскоон менен Кочкордун ортосу 100 чакырымга жетпеген аралык экен.

1940-жылы 19-мартта ВКП(б) БКнын жана СССР ЭКСтин Орто-Токой суу сактагычы куруу боюнча токтому чыккан. Плотинасы 1941-жылы курула баштап, алгач техника жоктуктан согуш жылдары суу сактагычты куруу ишине чал-кемпирлер, балдар, аялдар тартылып, кол күчү менен иштешкен. Курулуш узакка созулуп, 1961-жылы араң аяктаган.

Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте. Узундугу 18 чакырым, эң жазы жери 5 чакырым, терең жери 47 метр. Анын суу толгондогу аянты 24 чарчы км, сыйымдуулугу 470 млн метр куб. Суу сактагычтан алынган суу менен 120 миң гектар жер аянты сугарылат. Аны ичинде Кыргызстандын 86 миң гектар, Казакстандын 34 миң гектар жерин камсыз кылып, секундасына орто эсеп менен 12,8 метр куб суу чыгарат.

Плотинасы Төмөнкү Орто-Токой капчыгайынын башталышында жайгашкан. Анын бийиктиги 52 метр. Узундугу 365 метр, туурасы кырына чейин 6 метр. Суу чыгуучу тоннели (узундугу 567 метр, диаметри 4,5 метр) капчыгайдын оң жантайышындагы асканын алдында жасалган. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×