Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 07.06.2019 15:17 На русском

Кийизден китеп жасаган келечектеги мугалим мектептин айлыгынан да көп каражат таап жатат

Бегайым Курманбекова с дочкой
Бегайым Курманбекова с дочкой

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын 21 жаштагы тургуну Бегайым Курманбекова эки айдан бери кийизден түрдүү китептерди жасап, ишкерлик кылууда. Анын жасаган эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Бегайымдын айтымында, кол өнөрчүлүк менен бала кезинен алектенип, дизайнер болууну көздөгөн. Бирок ата-энеси каршы чыгып, башка окуу жайдан билим алып баштаган.

«Кичирээк кезимден бери эле кийимдерди тиге берчүмүн. 11-классты аяктаганда дизайнер болом деп ойлогом. Бирок ата-энем ага макул болбой, мугалимдик кесипке ээ болдум. Анткени мектепте биология сабагын жакшы окучумун. Ошентип ата-энемдин сунушу менен НМУнун биология факультетине барып, учурда 3-курстун студентимин. Бирок сырттан окуйм. Негизи өнөр өлбөйт деп коет го. Апам дагы тигүүчүлүккө кызыгат. Мен апамды тартып кол өнөрчүлүккө кызыгып кеттим. Эгер колуңдан келсе, кызыксаң, кандай учур болбосун аны алып кете алат экенсиң. Азыркы тапта балдар үчүн китептерди кийизден жасап сатуудамын», - дейт ал.

Кол өнөрчү алгач китепти 2 жаштагы кызына жасап байкап көргөн.

«Мен бул кийизден жасалган китепти алгач интернеттен көргөм. Анан кызыма жасап көрөйүн деп «Алиппе» китебин, жомок китебин жасап бергем. Кызым ага кызыгып, күндө мага көтөрүп келип, айтып бер деп жанымды койбойт. Бул китептерде текст жок, жомоктор жалаң сүрөттөр менен чагылдырылат. Алгач балдар өң-түстү, чоң-кичинени, аз-көптү айырмалай турган китептерди жасадым. Андан кийин сандар китебин жасадым. Азыр кызым 2 жашта болсо дагы ондон жыйырмага чейин санаганды, өң-түстөрдү айтып берет. Кызымдан мындай өзгөрүүнү байкап, башкаларга да пайдасы тийсин деп жасап баштадым. Эки ай болуп калды. Айылдагы бала бакчанын тарбиячылары, мектептен башталгыч класстын мугалимдери дагы ачык сабак өтүү үчүн жасатып жатышат. Бала бакчанын жетекчилиги быйылкы окуу жылы башталгыча көргөзмө куралдарды жасап берүү боюнча сунуштарын айтышты», - деди ал.

Көл өнөрчү жасаган китептерге чет өлкөлүктөр да кызыгып, буюртма беришүүдө.

«Биринчи Анталиядан келген бир үй-бүлө үч китеп алып кеткен. Андан кийин кайра байланышып, дагы китептерге буюртма беришти. Алардын балдары дагы абдан кызыгып жатканын айтышты. Түркиядан келген туристтер дагы алып кетишкен. Негизи башка өлкөгө кымбатыраак сатып жатам. Бир китепти чоң-кичинесине жараша 1500 миң сомдон 3500 сомго чейин саттым. Ал эми биздикилерге арзан, бир китептин баасы 400 сомдон жогору. Жакшы иштегенде материалдарга кеткен чыгымдардан тышкары бир айда 15-20 миң сом таза киреше табат экенмин. Жалпы 30дан ашык китеп жасаптырмын. Бир китепти кечке отурсам бир күндө бүтүрөм. Майда жумушу көп. Көп эмгекти талап кылат.

Бир эле өнөр менен чектелгим келбейт. Буюрса алдыда өзүмдү дагы өнүктүрүп, ушул сентябрдан тарта курстарда окусамбы деп жатам. Бир түстөгү спорттук кийимдерге кыргыз орнаментин түшүргөнгө кызыгып, ошону үйрөнүп жатам. Мындан сырткары тамак-аш жасоого, түймө жагына дагы кызыгам.

Бош убактым деле болбойт. Үйдүн бир бөлмөсүн менчиктеп алгам. Ушул жерде түнгө чейин кийим түйүп, бирде китеп жасап отурам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×