Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 07.06.2019 13:59

«Үйгө кирсеңер дагы өрттөйм...»: Ата жолун улаган А.Бердалиевдин тажрыйбасы

Адилет Бердалиев
Адилет Бердалиев
// Turmush

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 30 жаштагы тургуну Адилет Бердалиев 9 жылдан бери куткаруучу жана өрт өчүрүүчү болуп иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Адилет Бердалиев 1988-жылы Ат-Башы айылында туулган. 2010-жылдын май айынан тарта Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №45 өрткө каршы куткаруу кызматында эмгектенип келет. Кесиби боюнча өрт өчүрүүчү-инженер.

«Кесибибиз аябай кызыктуу. Ошол эле учурда жоопкерчиликтүү. Кандай кырсык болбосун күжүрмөн топ менен кеңешип иштөөгө туура келет.

Кырсыкка кабылган адамдын ден соолугун, өмүрүн сактап калуу — биз үчүн эң маанилүү. Бир жолу өрт кырсыгы катталды. Барып өчүрөлү десек үйдүн ээси үйүнө киргизбей койгон. “Үйгө кирсеңер дагы өрттөйм” деген. Үй-бүлөсүнө аз эле суммадагы акча үчүн таарыныптыр. Үйүнөн үй-бүлөсүн кубалап чыгып, өзү кирип жатып алган. Айла кетип кароол башчыларыбыздын жардамы менен ал кишини үйүнөн чыгырып өчүрүп келгенбиз. Мас экен. Соолуккандан кийин эсине келди. Ден соолугуна зыян тийген жок, убагында өчүрдүк», - деди ал.

Куткаруучу үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

«Элде “өрт кызматы кеч келет” деген нааразычылыктар болот. Алыс же жакын жерлерге барабыз. Барган жерлерден “сууңар түгөнүп калды” деп нааразы да болушат. Азыр биздин күжүрмөн топ эсептеген унаага 4 тонна суу батат. 1 секундда 40 литр суу берет. Ошондо биз алып барган суу 4-10 мүнөттө түгөнөт.

Беш кол тең эмес. Кээ бири ыраазычылыгын билдирсе, айрымдары жаман сөз айтып узатат», - деди ал.

Адилет Бердалиевдин атасы дагы ушул кызматта эмгектенген.

«Кырсык айттырып келбейт го. Бир жылда болжол менен 30 өрт кырсыгы катталат. Мен бул жерде 9 жылдан бери иштеп келем. Жетекчилик тарабынан жакшы колдоолор болду. Буга чейин атам дагы ушул жерде иштеген. Ал 20 жылга жакын эмгектенген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×