Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 07.06.2019 08:44

Нарында «Китеп кербени-2019» иш-чарасы өттү

Turmush -  Нарын районунда «Китеп кербени-2019» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Нарын райондук борборлоштурулган китепканасы менен С.Орозбаков атындагы облустук китепкананын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага райондогу китепкананын кызматкерлери, ыктыярчылар жана мектеп окуучулары катышты.

Анда Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын директору Анара Байгабатова иш-чаранын максатына жана анын алкагында жүргүзүлүүчү иштерге токтолду. Андан кийин Нарын райондук борборлоштурулган китепкананын директору Шаныгүл Алакунова, АКШ элчилигинин өкүлү Жэн Букбайндер куттуктоо сөздөрдүн сүйлөштү.

Ыктыярчылар өздөрүнүн эмгектерин көрсөтүп, флешмоб өткөрүштү.

«Быйылкы өтүп жаткан иш-чара «Илим жана техника караваны» деп аталды. Себеби, илим жана техника өнүккөн ушул заманда китепканалар техникага кызыккан жаштардын ойлонуу чеберчилигин өстүрүү боюнча иштерди алып барат. Илим жана техника өнүккөн сайын окурмандар электрондук китептерди колдонууда. Биз да окурмандар үчүн электрондук китептерди окууга шарт түзүп беришибиз керек», - деди облустук китепкананын директору А.Байгабатова.

Иш-чарада бир катар кызматкерлер өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Нарын облустук китепкананын ардак грамотасы менен сыйланды.

Ошондой эле катышуучулар «Китеп достуктун көпүрөсү» аттуу китеп көргөзмөсү, Америка бурчунун ресурстары менен таанышты. Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Америка элдеринин улуттук оюндары, мастер-класстар өттү. Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» жана «Кылым карытар бир күн» чыгармасынан Найман эненин образынан, Америка элинин кыргыз тилине которулган «Коён карышкырды кантип коркутту» аттуу жомогунан чакан сценка коюшту. Катышуучуларга чакан программада концерт тартууланды.

Катышуучуларга кызыктыруучу белектер берилип, активдүү катышкандарга грамоталар да тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×