Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.06.2019 18:08

Ак-Талаада «Укук-Тартип» түнкү рейди жүрүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Укук-Тартип» аталыштагы түнкү рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жөнгө салуу, түн маалында окуучулардын көчө таптап жүрүүсүнө жол бербөө, спирт ичимдиктерин ичип алып автоунаа башкаруудан алыс болуу, укук бузууларды болтурбоо максатында түнкү рейд жүргүзүлүүдө. Ага райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Улан Кубатов, ЖКККБнын кызматкерлери жана РИИБдин өздүк курамы катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×