Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.06.2019 16:46

Ак-Талаада дан эгиндерин сактоочу кампа 1,5 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында дан эгиндерин сактоочу кампа 1 млн 465 миң сом каражатка оңдолуп жаткандыгын жайыт комитетинин төрагасы Рыскелди Сүйүнбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы союз учурунда курулуп, кийин союз тарап кеткен соң кароосуз калган кампаны кайра калыбыга келтирүү, жергиликтүү тургундардын дан эгиндерин сактоого шарт түзүү максатында АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбооруна сунушталган долбоор жактырылып, анын негизинде 1 млн 465 миң сомго оңдоо иштери жүрүп жатат. Көрсөтүлгөн сумманын ичинен өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 72 миң сом каражат бөлүнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×