Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 06.06.2019 10:53

Солтон-Сарыдагы алтын кенинде 160 айыл тургуну иштеп жатат

Turmush -  4-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тиешелүү кызматтын жетекчилери жана Миң-Булак айылынан түзүлгөн коомдук кеңештин өкүлдөрү болуп Солтон-Сарыдагы «Чжун Дьжи Майнин компани» («Jhong ji Mining company») компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, дубан башчысы баштаган топ аталган алтын кенинде буга чейин айтылып келген таза суу, техникалык коопсуздук, тазалык сыяктуу маселелер менен жеринен таанышып, алтын иштетүүчү компанияга жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт берди. Мындан сырткары, анда иштеп жаткан жергиликтүү тургундардын жашоо шарты, тамак-ашы жана айлык акысы менен таанышып, тиешелүү талаптар коюлду. Бул жерде учурда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20 миң сомдон 25 миң сомду түзөт.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы лицензия алган «Jhong ji Mining company» компаниясынын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Бирок жергиликтүү тургундар алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында кен иштетүүчү комбинаттын курулушу жакын арада башталганы турат.

Компания жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×