Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 06.06.2019 08:05

Элет көйгөйү: Нарын аэропортунун тосмосу кеңештиктерди түйшүккө салууда

Turmush -  Нарын районундагы аэропорттун айланасы тосулгандыгына айыл тургундары нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга 86 жаштагы айыл аксакалы Муканбет Тилеков билдирди.

Маалым болгондой, Нарын аэропорту Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын түндүк тарабынан орун алган. Ал 1964-жылы пайдаланууга берилип, элге кызмат көрсөтүп, чакан учактар каттап турган. 2013-жылы Бишкек—Нарын аба каттамы ачылган. Бирок эл каттамдын жол киресин көтөрө албагандыктан, тез эле токтотулган. Ошондон кийин айланасы жылчыксыз тикенек зым менен тосулган. Буга чейин айыл тургундары аэропорттун учуу-конуу тилкесин аралап, жерин сугарып, алган түшүмдөрүн жыйнап турушкан.

Маселе айланасы тосулгандан кийин жаралып, элеттиктер жер тилкесине айланып барууга аргасыз болушууда.

Бул жагдайды Кеңеш айылынын башчысы Жыргалбек Курманов мындайча түшүндүрдү.

«Мурда деле Чычырканак деген жерди айланып өтчү. Ал учурда Алыш каналынын үстүндө көпүрө бар болчу. Кийин көпүрө каралбай калгандыктан кулап түшүп калган. Эл аэропорттун эки жеринен айланып өтүп калышкан. 2017-жылы аэропорт тосулганда маселе жаралып, көйгөйлөр бийлик өкүлдөрүнө чейин жеткен. Эл тиешелүү бийликке үч маселени аткарып берүүнү суранышкан. Каналга көпүрө салуу, жолдорду оңдоо жана каналга лоток же түтүк салып берүүнү суранышкан болчу. Туура каналга көпүрө салынганы менен талаптагыдай болбой калган. Каналдын бир чакырымдай жери тосмонун ичинде калды. Мына ушул жерден көйгөй жаралып, каналды тосмонун сыртына салалы десе, ойдуң жер болуп суу чыкпай калат экен. Аны жасаганга элдин мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми тосмонун ичинде калган каналды суу келгенде аэорпортто иштегендер таш менен толтуруп, бүтөп салышып, суу өткөрбөй коюшат. Анысы аз келгенсип, эми суу түтүк салуу маселеси келип чыкты. Анткени жолдор бузулуп, чөп тартууда кыйынчылыктар жаралды», - деди айыл башчы.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсеитов бул маселе боюнча мындай деди.

«Канал тосмонун ичинде калды дегени туура. Себеби карта боюнча тактап чыкканда ушундай болду. Бирок каналды тосмонун сыртына чыгарып берүү боюнча иш алып баруудабыз. Түтүн башына акча чогултуп, жолдорду оңдойлу дегенбиз.Толук бербей жатышат», - деди.
Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Асизов бул маселе чечилерин билдирди.

«Район, айыл өкмөт башчылары менен кеңешип, маселе чечилет», - деди ал.
Ал эми Нарын аэропортунун жетекчиси Келдибек Молдоев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×