Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусу, Нарын 05.06.2019 10:42 На русском

Жөнөкөй тургундан баштап жогорку чиндеги чиновниктерге чейин... Нарындагы Айт намаз

Turmush -  Бүгүн, 5-июнда Нарын шаарынын борбордук «Азирети Али» жана «Билал бин Рабах» мечиттеринде Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айт намаз 07:00дө башталып, «Азирети Али» мечитинде «Сад ибн Абу Ваккас» мечитинин имамы Эрик Молдокулов диний баян айтты. Андан соң Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын районунун администрация башчысынын биринчи орун басары Жаныш Ибаимакун уулу жана Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, шаар тургундарына ыйман, бакыт тиледи.

Ал эми «Билал бин Рабах» мечитинде казыяттын өкүлү Сейит Исаев диний баян айтты. Андан соң Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов куттуктоо сөз сүйлөп, шаар тургундарын ынтымакка чакырды.

Нарын шаарынын борбордук «Азирети Али» мечитинде 5 миң, «Билал бин Рабах» мечитинде 3 миңден ашык адам Айт намазына катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×