Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 02.06.2019 16:18

Кочкордо Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Turmush -  Кочкор районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына демөөрчүлөр тарабынан белектер берилип, кызыктуу сынактар уюштурулду.

Ал эми Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кочкор айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү райондук маданият үйүндө уюштурулган концертке күбө болушуп, балдарга белектерди тапшырышты.

Көрүүчүлөргө «Алтын балалык» балдар бакчасынын тарбиялануучулары «Достук» бийин тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×