Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 31.05.2019 13:41

Видео, сүрөт — «Ат-Башы сүт» заводу сүт багытындагы уйларды багууну көздөп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы сүт иштетүүчү ири завод Нарын облусу менен Бишкек шаарын сыр, каймак жана чечил менен камсыз кылат.

«Ат-Башы сүт» заводу 2011-жылы өз ишин баштаган. Заводдун бир күндүк кубаттуулугу — 20 тонна.

Завод 2018-жылы 1 тоннадан 8 тоннага чейин сүт кабыл алып, өндүргөн. 2019-жылдын май айынан тарта 600 литрден сүт кабыл алып, акыркы 3-4 күндөн бери сүттүн көлөмү 4 тоннага чейин жеткен. Завод жай мезгили гана иштеп, кышында сүттүн көлөмү төмөндөгөндөн кийин иш токтоп калат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн заводдун жетекчилиги сүт багытындагы уйларды асыраган чоң чарбаны түптөө аракетинде.

«Ат-Башы сүт» заводунун директору Нурила Орозумбекова заводдун өндүрүмү жакшы экенин билдирип, бирок сүттүү уйлардын азайып баратканына кабатыр. Заводду жайы-кышы үзгүлтүксүз иштетүү үчүн долбоор иштелип чыккан. Ал ишке ашса 500 баш уйду багууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Негизинен завод күнүгө 20 тонна сүттү иштете алат. Биз жайы иштеп, кышы токтоп калабыз. Май, июнь, июль, август айлары сүт жакшы келет. Сентябрь айынан тарта азайып калат. Бизде кышкысын сүт маселеси чоң көйгөй. Кышында айыл элинин уйлары байып, сүттүн көлөмү төмөндөйт. Бизге керектүү сүт чогулбай калат.

Тоют маселеси да абдан курч. Бизде чөп 1 гана жолу чабылат. Эгер жамгыр жаабай кургак болсо, тоют топтоо кыйынчылыкка кептелет. Ушул көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн быйыл эксперимент катары чарбакка жүгөрү менен тоют кызылчасын эгип көрдүк. Аны менен катар сүт багытындагы уйларды асыроочу чарбаны түптөө аракетиндебиз. Чарбаны түптөөгө 1,5 млн доллар каражат сарпталат. Азыр БУУнун өнүктүрүү программасы жана ЮСАИД уюмдары менен долбоор жазып, иштешүүгө бел байлап жатабыз. Бирок Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан жана кыргыз өкмөтүнөн колдоо күтүүдөбүз. Уй чарба долбоору ишке ашып калса, сүт багытындагы 500 баш асыл тукум уйларды багабыз деген ой-тилектер бар. Чарба келечекте заводду сүт менен камсыз кылат жана ушул региондогу уйлардын тукумун өзгөртөт. Аны менен бирге тоют топтоо иштери жакшырат.

Буга чейин район элине эксперимент катары сүттүү уйларды алып келип таратып көргөнбүз. Бирок улантып кетүү, көбөйтүү жагы жакшы болгон жок. Кыргыз уйлар 45-50 миң сом болсо, сүт багытындагы асыл тукум уйлар 100-150 миң сом болот. Тургундардын баары ала алышпайт экен», - деди Н.Орозумбекова.

Сүт заводго алгачкы жылдары БУУнун өнүктүрүү программасынын көмөгү менен керектүү жабдыктар алып келген. Учурда заводдо жалпы 27 жумушчу иш алып барат. Андан тышкары 11 үй-бүлө заводго сүт ташышат.

«Россиянын ири 3-4 компаниясы менен иштешүүнү сунушташты. Бирок алар күн сайын 20 тонна өндүрүлгөн продукция сурап жатышат. Бизде андай көлөмдөгү продукцияны чыгаруу үчүн сүт жок.

Учурда сыр, каймак жана чечил менен Нарын облусун жана Бишкек шаарын камсыздап жатабыз. Кыргызстан бажы союзуна киргенбиз, бирок сырье жок. Элден ар кандай сүт чогулат. 1 тонна сүттөн 100-115 кг сыр алмакпыз, азыр 85-90 кг гана болуп жатат», - деди ал.

Мал чарбанын долбоору

IMG_20190530_085208

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×