Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 30.05.2019 10:56

Жумгалда эки кичинекей бала айылдашынын дүкөнүн карактап кетишти

Turmush -  Жумгал районунда 10 жаштагы жана 14 жаштагы балдар дүкөндү тоноого шектелип кармалышты.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын Ж.Ж. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, 29-май күнү болжол менен саат 17:00 чамасында белгисиз адамдар дүкөнүнүн кулпусун бузуп, кассадагы 5500 сом акчаны уурдап кетишкендигин билдирген.

Окуя болгон жерге Жумгал РИИБдин кызматкерлери барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Анын негизинде Жумгал районунун 2005-жылы туулган И.Э. жана 2009-жылы туулган А.А. аттуу тургундары кармалышкан. Алардын айтымында, болжол менен саат 16:30 чамасында дүкөндүн кулпусун ачып, кассадагы акчаларды алып, дүкөндүн түштүк тарабында жайгашкан жапайы бактардын түбүнө таштар менен жаап, катып коюшкан.

Азыркы учурда аталган факт боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×