Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 06.06.2019 21:04

Кыргызстандын жаратылышы: Жан дүйнөнү кытыгылаган Ат-Башыдагы жайлоо. Сүрөт

Turmush -  Ат-Башы районунун Большевик айылынын жайлоосуна барган Майрамбек Осмоналиев жайлоодогу өзгөчө жаратылышты сүрөткө тартып алган.

«Жыл сайын ушул маалда үй-бүлөбүз менен кымыз ичүү үчүн жайлоого барабыз. Анткени атам, апам жана байкемдер жылда жайлоого чыгышат. Сырткы жайлоо толук ачылганга чейин деп айылдын четиндеги төшкө бээ байлашат. Мен жумушума байланыштуу көп жүрө албайм. Эс алуу күндөрү гана келип жардам берем. Бул жолу үй-бүлөмдү жеткирип келдим.

Ал эми жаратылыштын кооздугун кандай учур болбосун сүрөткө түшүрүп алмай адатым бар. Автоунаада баратсам да жакшы кадр көрүнсө унааны токтотуп, сүрөткө тартып алам.

Бул сүрөттөр боз үйдүн айланасындагы эле көрүнүштөр. Башка да мыкты сүрөттөрдү тартайын деп үлгүрбөй калдым. Жайлоонун жаратылышы — жан дүйнөнү кытыгылаган керемет да», - деди Майрамбек Осмоналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×