Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 27.05.2019 13:54

3,7 млн сомдук карыз: Жумгалдын Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө бала бакча менен мектеп таза суусуз калышты

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн айрым тургундары таза сууга акы төлөбөй, карыз болуп келишет. Анын кесепетинен учурда айылдагы бала бакча, мектеп таза суусуз калган. Бул тууралуу айыл өкмөттүн суу пайдалануучулар ассоциациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ар бир түтүн ай сайын 30 сомдон төлөшмөк. Бирок эл сууга акча төлөбөгөндүктөн бир айдын карызы 700 миң сомго чейин өскөн. Мындан тышкары таза сууну чыгаруу үчүн пайдаланылган электр энергиясына болгон карыз 3 млн сомго жеткен.

«Эл кудук казып алышкан. Азыр бала бакча, мектептегилер кудуктан суу ичип жатышат. Элдер кудук казууга көнүштү, айыл саздак жер. Акча чогултулбай, таза суу өтө чоң көйгөй болууда. Таза суу электр энергиясынын жардамы менен чыгарылат. Ага да карыз 3 млн сомго жетти. Ар бир түтүн ай сайын 30 сомдон чогултмак. Айылда жалпы 430 түтүн, 3000 жашоочу бар», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Айылга таза суу киргизүү долбоору 2011-жылы АРИС аркылуу ишке ашырылып, 2012-жылдын апрель айында тендер өткөрүлгөн. Тендерди «Кочкор суу курулуш» ишканасы жеңип алып, суу чыгарууга жалпы 26 млн сомдун тегерегинде каражат кеткен. Бирок жалпы каражаттын 5 пайызын, тактап айтканда 1 млн 383 миң сомду айыл эли, демөөрчүлөр чогултуп беришкен.

Буга чейин Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө суу маселеси чечилбей, 20 жылдан кийин гана тургундар таза сууга жетишкен болчу.

Тема боюнча:

Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургундары «Кочкор суу курулуш» ишканасына нааразы

Жумгалдын Түгөл-Сай айылынын тургундары ӨКМ кызматкерлерин чакырууда (фото)

Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы таза суу долбооруна айыл тургундары тарабынан каражаттар төлөнбөй келет

Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында таза суу салынат деп казылган арыктардан суу чыгып, турак-жайлар урап түшүүдө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×