Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 27.05.2019 12:50 На русском

Жаңы-Арыктын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү ооруканага 350 миң сомдук медициналык жабдык беришти

Turmush -  Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын А.Идинов атындагы орто мектебин 20 жыл мурда бүтүргөндөр айылдаштарына медициналык жабдык алып беришти. Бул жабдык Жаңы-Арык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тапшырылгандыгын Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Айнур Тентиева билдирди.

Айылдык кеңештин төрагасы Калыс Саралаевдин айтымында, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр кан изилдөөчү медициналык жабдыкты 350 миң сомго алышкан.

«20 жылдык бүтүрүүчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз. Элдин саламаттыгына кам көрүп, жакшы иштерди жасашты. Бул жабдык Германиядан чыккан экен», - деди К.Саралаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×