Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 25.05.2019 17:30

Нарын шаарында «Жолдон коопсуз өтүү» акциясы уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Нарын шаарында «Жолдон коопсуз өтүү» аталышындагы акция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору Калыс Өмүрзаков билдирди.

Иш-чара Ленин көчөсүндөгү В.Чкалов атындагы мектептин жанында уюштурулду. Иш-чаранын максаты — жаш өспүрүмдөрдү жол эрежесин сактоого үндөө. Анда мектеп окуучуларына жолдогу коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарык чагылдыргычтарды (фликер) БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) ыктыярчылары таратышты. Айдоочуларга да жол коопсуздугу боюнча маалымат берилип, «Ылдамдыкты азайт» деген чаптамалар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×