Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 26.05.2019 16:40

Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылында 1 млн сомго хоккей аянты курулуп жатат

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 1 млн сомго хоккей аянты курулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаевдин айтымында, аянттын курулушу үчүн республикалык бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн. Калган каражат жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.

«Бөлүнгөн каражатка тендер жарыяланды. Учурда аянттын 70-80%ы бүтүп калды. Буюрса айылда спорттун дагы бир түрү жанданып, жаштарга жакшы шарт түзүлмөк болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×