Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусу, Нарын 25.05.2019 14:52 На русском

Муздаткычка айланган имарат: Өкмөт башчы Жумгалдагы маданий жайлардын абалы менен таанышты

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 24-майда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаеванын атындагы «Соң-Көл» маданият үйүнүн жана Калык Акиев атындагы райондук музыкалык драма театрынын абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, «Соң-Көл» маданият үйүнө 2014-жылы актриса Т.Турсунбаеванын ысымы ыйгарылган. Маданият үйү кинотеатр менен бирге. Шарты жок болгондуктан ичи муздаткычтан айырмасы жок. Маданият кызматкерлери бир топ жылдан бери капиталдык оңдоо ишин жүргүзө албай, шарты жок имаратта иштеп келишет. М.Абылгазиев Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине маданият үйүн оңдоого жумшала турчу чыгашалар сметасын түзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы Калык Акиев атындагы райондук музыкалык драма театрдан кабар алып, театрдын капиталдык оңдоо долбоорун баштоого буйрук берип, толук кандуу театралдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө бардык шарттар каралышы керектигин белгиледи.

Жумгал музыкалык драма театры 1934-жылы ашар жолу менен курулган. Ал 2013-жылы Мамэкотехинспекция тарабынан кооптуу деп табылып, чыгармачылык жамаат ишин токтоткон. Учурда театрдын чатыры тешилип, шыбактары түшкөн. Драма театр 1936-жылы колхоз-совхоздор аралык театр катары маданият үйүнүн алдында уюшулган. Ал жерде кыргыздын белгилүү маданият чеберлери Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов, Мырсаалы Турсунбаев, Шарапат Жапарова, Сайра Өмүрканова, Сүйүнбек Бийназаров жана Шарыпкул Эсенгуловдор эмгектенишкен. Жаңы театр салуу долбоору 2018-жылдын капиталдык салымдар беренесинин титулдук тизмесине киргизилген. Бирок өкмөт театрды маданият үйү кылып куруу чечимин кабыл алып, каражатын чечишкен. Бирок театр жамааты ага каршы. Алар 23 жыл театр статусун алып жүргөн театр театр бойдон калышы керек дешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×