Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуНарын району 26.05.2019 14:25 На русском

Нарындагы арканын чыры: Активисттин шеги, айыл өкмөттүн жообу (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Өрнөк айылынын тургуну Камчыбек Таалайбек уулу Долон ашуусундагы айылдын аталышы жазылган белги 250 миң сомго курулбай тургандыгын айтып чыкты.

К.Таалайбек уулунун айтымында, мындай айылдын аты жазылган белгилерди, жада калса чоңун 15 миң сомго жасаса болот. Ага 250 миң сом сарпталбастыгын билдирип, райондук бийликке, прокуратура, айыл өкмөткө кайрылган. Бирок алгылыктуу жооп ала алган эмес.

«Жогорудагы сүрөттө көрүнүп турган Долон ашуусундагы белги Нарын районунун акими С.Черикбаев тарабынан 250 миң сомго жасатылган. Маалымат сурап кайрылганымда эч кимиси катыма эч кандай жооп бере алышкан жок. Прокуратура дагы эч кандай чара көргөн жок. 10 жылдыктар тарабынан 150 миң сомго Миң-Булак айылына арка тургузулган. Анан кайдагы 250 миң сом? Айылдын аты жазылган белгини 15 миң сомго жасаса болот», - деди ал.

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усупов бул акча демөөрчүлөр тараптан болгонун, ал айылдын өнүктүрүү фондуна түшкөнүн ырастады. Бирок 250 миң сомго айылдын аты жазылган белги эле эмес, Нарын жана Кочкор району деп 2 районду бөлүп турган чоң стела кошо курулганын билдирди.

«Түшүнүп түшүнбөй ургулай берген жаман экен. Социалдык тармакка Миң-Булак айыл аймагы деген белгини гана сүрөткө тартып, «ушуну 250 миң сомго жасашыптыр» деп мага жана район акимине акарат келтирип, жалган маалымат таратып келет. Бул боюнча райондук бийликке, прокурорго чейин жазышты. Ал жерде белги менен кошо 2 районду бөлүп турган чоң стела турат. Эмнеге аны кошуп айтышпайт? Акча каражатын демөөрчүлөр беришти. Аларды район бийлиги таап берген. Каражат айылдын өнүктүрүү фондуна түшүп, андан куруучуга берилген. Баары мыйзамдуу, архитектуралык долбоору бар. Бул идея негизи аким С.Черикбаевдики болчу», - деди К.Усупбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×