Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 25.05.2019 10:33

Жумгалдагы музей 2 млн сомго жакын каражатка оңдолуп жатат

Turmush -  Жумгал районунун борборундагы Шарыпкул Эсенгулов атындагы райондук тарыхый-этнографиялык музей өкмөт тарабынан 2 млн сомго жакын каражатка оңдолуп жатат.

Музейдин директору Болот Алиевдин айтымында, учурда оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Анда музейдин чатыры жаңыртылып, ички жылуулук системасы каралып, ар бир бөлмөгө электр чубалгалары коюлуп жатат.

Музейдин имараты 1936-жылдары курулуп, 1950-жылга чейин оорукана, тиш дарылоо жайы болуп келген. Кийин музейге айланган. Учурда имараттын жарымында (оң капталында) Мамлекеттик каттоо кызматы иштейт. Музейде Жумгал районунун тарыхы камтылып, кыргыз элинин эски буюмдары, райондон чыккан инсандардын баяндары, китептери сакталып келет. Бирок жылуулук системасы имарат курулган күндөн тартып каралган эмес. Кышкы мезгилде музейге киши кире албайт. Бир бөлмөдө 7 кызматкер иш алып барып, мешке от жагып отурушат. Учурда чатыры талкаланып, андан аккан суу музейдин ичине кире баштаган. Полдору чирип, жагымсыз жыттар чыга баштаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×