Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.05.2019 15:31

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында Энелер күнү белгиленди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында Энелер күнү белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 24-апрель күнү апаларды айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө 4 жакыр үй-бүлөгө Кызыл жарым ай коому тарабынан азык-түлүк алууга 1400 сомдук купон, демөөрчүлөр тарабынан 21 баатыр энеге белектер берилди. Андан тышкары 26 баатыр энеге жана 21 эмгектин ардагерлерине айыл өкмөттүн баалуу белектери берилди. Энелерди куттуктоо салтанаты концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×