Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуКадамжай району 24.05.2019 13:08

Айыл турмушу: Кадамжайдын Совет айылынын тургундары аары багып, бал өндүрүүнү колго ала башташты (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Совет айылында азыркы учурда 1,5 миңдей адам жашайт. Айыл эли негизинен багбанчылык жана мал чарбасы менен алектенет. Соңку жылдары элеттиктер аары кармап, сапаттуу бал өндүргөндү мыкты өздөштүрүп алды. Азыр 10 үй-бүлө аары багып, бал өндүрүп жатат.

Алардын бири Коңурбай Токтаматовдун айтымында, айыл аары багууга ыңгайлуу. Бирок балды сатууда көйгөй жаралып келет. Жакшы бал алуунун дагы өзүнчө сырлары бар. Мисалы, аарыларды жаз келгенден баштап күз мезгилине чейин жакшы тамактандырып караса кыштан жакшы чыгат. Бир эле челектен 100 кг чейин бал алса болот. Алынган бал эч кандай кошулмасы жок, экологиялык жактан таза болуп эсептелет. Ага суроо-талап да жогору. Жергиликтүүлөр продукциясын аймактагы базарларда сатышат.

Ал эми Жанболот Досаров жакшы жаан-чачын болгон жылдары 10 челек аарыдан 1 тоннага чейин бал алган. Айрым жылдары 10 челектен 300-400 литр бал алган учурлар болот. Анда да кеткен чыгымдардан тышкары 50 миң сомго чейин киреше тапса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×